• Союз банков Кыргызстана при поддержке IFC, открыл Академию устойчивого развития

Компаньон Банкы кардарларды коргоо негиздерин сактагандыгы үчүн Smart Campaign эл аралык тастыктамасын алды.

Kompanion_2017 certificate

Тейлөөнүн эң   жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон Банкы финансылык тармакта эл аралык деңгээлде кабыл алынган социалдык-жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактайт. 2017 жылдын апрель айында Компаньон Банкы MicroFinanza Rating рейтинг агенттигинин көз карандысыз тактыкташтыруусун ийгиликтүү өттү. Бул дагы бир жолу Компаньон Банкынын Smart Campaign дүйнө жүзүндө пропагандалаган кардарларды коргоо негиздерин сактаганын ырастайт.

«Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо боюнча өзүнүн стратегиясын ишке ашырууну улантууда. Биз кардарларга кам көрүүгө өзгөчө көңүл бөлөбүз жана эл аралык жогорку баалоону алуу – биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү. Кардарлардын ишеними – биздин негизги жетишкендик. Азыркы убакта бүткүл Кыргызстан боюнча 96 миң кардарлар биз менен иштешет жана бизге ишенишет. Биз алардын ар бирөө менен өз ара ишеним, сый жана чындык негизинде өнөктөш мамилелерин курабыз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы   Уланбек Термечиков белгиледи.

Smart Campaign тастыктамасын алуу  Компаньон Банкынын финансылык продуктыларды тиешелүү түрдө иштеп чыгып, сунуштоону, өтө карызкорлукту болтурбай коюуну,  айкындуулукту, акылга сыярлык баа бычууну, кардарларга адилеттүү жана сый мамиле кылууну, кардарлардын маалыматтарын купуя сактоону жана арыздарды кароонун туура механизмдерин колдонууну сактагандыгын көрсөтөт.    Read more »

– FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы өттү

FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы 12-майда болуп өттү.

 

«Биз дайыма кардарларыбыздын ыңгайлуулугун ойлойбуз жана сиздерге жакын болгудай кылып кеңселерди ачууга умтулабыз», – деп Банк Башкармасынын мүчөсү Кай Ильм бул күнү чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.

 

Канттагы аманат кассасы өзүнүн иштөө убагында жөнөкөй жарандар жана ишкерлер менен бекем кызматташууга жетишти. Бүгүнкү күндө FINCA Банк жеке жана юридикалык жактарга банк кызматтарынын кеңири түрүн сунуштайт, анын ичинде: насыяларды жол-жоболоштуруу, депозиттерди ачуу, алыш-бериш эсептерин ачуу, акча которуулар, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонуу.

Кардарлар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуулукту түзүүгө умтулуу – жаңы  кеңсеге көчүү чечимин кабыл алууга себеп болду, кеңсе кардарлар үчүн ыңгайлуу жерде – Ленин көчөсү, 68де жайгашты. Имарат FINCA Банктын жасалгалоо боюнча жаңы стандарттарына ылайык жабдылды жана жасалгаланды. Бул жерге келгендер меймандостукту жана жогорку сапаттагы тейлөөнү көрө алышат.

 

Белгилей кетчү нерсе, FINCA Банк өз кеңселери жайгашкан бардык жердеги жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүшүн активдүү колдоп келет жана өзүн да анын бөлүгү деп эсептейт.

 

Бүткүл өлкө боюнча FINCA Банкта бардыгы болуп жерине баруучу кассаларды эсептебегенде 73 тейлөө түйүнү бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:

0(312) 440 440 же уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз), кошумча номур 220;

Уюлдук: 0(772) 333 220.

 

Компаньон Банкы Бишкектин борборунда жаңы филиал ачты

Компаньон Банкы Бишкек шаарында Борбордук филиалдын ачылышы жөнүндө билдирет. Филиал жеке кардарлар жана юридикалык жактар менен иштейт жана аларга банктык кызматтардын көптөгөн  түрлөрүн сунуштайт: эсептик-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялары, акча которуулары, аманаттар, төлөм карталары.

«Биз өзүбүздүн филиалдык тармагыбызды кеңейтүүнү улантып, борбордогу кардарларыбызга дагы жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Шаардын борборунда жаңы кеңсе ачуу менен, биз тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Биз сизди жаңы филиалыбызга чакырабыз жана пайдалуу финансылык чечимдерди сунуштаган ишеничтүү компаньон болууга кубанычта болобуз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.

Компаньон Банкы 2004 жылы негизделгенден бери өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстанда кыйла кеңейтти. Банктын филиалдык тармагы өлкөнүн бардык региондоруна жайылып, азыркы күндө 111 бөлүмдөрү бар.

Борбордук филиал Токтогул көчөсү 106/Раззаков  дареги боюнча жайгашкан жана кардарлар үчүн дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин 8.30 дан 17.30 чейин тыныгуусуз иштейт. Толук маалымат үчүн  бул номерлерге чалыңыз: 0312 33 88 00 жана 88 00. Кош келиңиздер!

Read more »