Компаньон Банкы өзүнүн 12-жылдыгына АКШ долларындагы бизнес-насыялары акциясын баштады. Компаньон Банкы бул акция чегинде пайыздык чендерди төмөндөттү, ошондуктан эми, ишкерлер бизнес өнүктүрүүгө 10 миңден 100 миңге чейин АКШ долларында 12 % жылдык бекитилген чен боюнча насыя ала алышат. Насыялоонун максаты: жүгүртмө каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестициялоо. Жеңилдетилген чендер боюнча насыялар 2016 жылдын аягына чейин берилет.
«Биз кардарларыбызга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жаңы банк продуктыларын киргизүүнү улантуудабыз. Компаньон Банкынын ишинин эң маанилүү багыттарынын бири чакан жана орто бизнестерди насыялоо болуп саналат. Бул акциянын жардамы менен ишкерлер үчүн банктык каржылоо дагы жеткиликтүү болуп калды», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК төрагасы Уланбек Термечиков белгилеп кетти.
Толук маалыматты бул номер 0 (312) 33 88 00 боюнча чалып жана Банктын бөлүмдөрүнөн алыңыздар.













Октябрь айы боюнча, ошондой эле ноябрдын биринчи жарымында Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынын 100 дөн көп бөлүмдөрүндө 9-11 класс окуучулары үчүн ачык эшик Күндөрү өттү.
Жакын арада Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ар бир жылда ишке ашырылуучу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун алкагында жетишкен ийгиликтери жана жасаган эмгектери үчүн жети номинация боюнча: “Инновация жана технологияда жетишкен ийгиликтери үчүн”, “Жылдын мыктысы”, “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн”, “Жылдын өнөктөшү”, “Жылдын жетекчиси”, “Жылдын ишкери”, “Мыкты иш берүүчү” сыйлыктарын тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.