– Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Бүгүн, 2016-жылдын 23-декабрында малды союу жана алгачкы кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү.

Иш чарага Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Презентациянын жүрүшүндө чакан жана орто фермердик чарбалар жана ишканалар өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн заманбап жана натыйжалуу чечимдерине өтүү зарылчылыгы жөнүндө айтылды. Ошондой эле чыгарган продукциянын кайра иштетүүсү, сактоосу жана экспорту жөнүндө маселелер чагылдырылды.

Иш чаранын аягында угуучулар эттин кайра иштетүүсүнө тиешелүү суроолорду жана эт жана сүт продукциясын алгачкы кайра иштетүүсү боюнча чакан мал союу цехтерин куруу зарылчылыгы жөнүндө суроолорду беришти.

Маалымат үчүн: «КОММАН Групп» ЖАК – 2009-жылдан баштап иштеп келе жаткан, малды союу жана этти кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды жана даяр чечимдерди чыгарган россиялык өндүрүүчү.

– Компаньон Банкы бизнес насыялары үчүн пайыздык чендерди төмөндөттү

kompanion-bankyКомпаньон Банкы өзүнүн 12-жылдыгына АКШ долларындагы бизнес-насыялары акциясын баштады. Компаньон Банкы бул акция чегинде пайыздык чендерди төмөндөттү, ошондуктан эми, ишкерлер бизнес өнүктүрүүгө 10 миңден 100 миңге чейин АКШ долларында 12 % жылдык бекитилген чен боюнча насыя ала алышат. Насыялоонун максаты: жүгүртмө каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестициялоо. Жеңилдетилген чендер боюнча насыялар 2016 жылдын аягына чейин берилет.

«Биз кардарларыбызга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жаңы банк продуктыларын киргизүүнү улантуудабыз. Компаньон Банкынын ишинин эң маанилүү багыттарынын бири чакан жана орто бизнестерди насыялоо болуп саналат. Бул акциянын жардамы менен ишкерлер үчүн банктык каржылоо дагы жеткиликтүү болуп калды», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК төрагасы Уланбек Термечиков белгилеп кетти.

Толук маалыматты бул номер 0 (312) 33 88 00 боюнча чалып жана Банктын бөлүмдөрүнөн алыңыздар.

– КРУБ Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен биргеликте ишкерлерди POS-терминалдарды орнотуу боюнча мониторинг жасады

Улуттук банк Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен биргеликте жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды POS-терминалдарды орнотуу боюнча мониторинг жасады  

2016-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын адистери биргеликте жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» 2016-жылдын 23-декабрындагы токтомунун аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүзүштү. Соода жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жаткан ишкерлердин орун алган аймактык өзгөчөлүктөрүнө карата, белгиленген мөөнөттөргө ылайык, соода түйүндөрү жана соода кеңселери РOS-терминалдар менен жабдылып, банктык төлөм карта ээлерин тейлөөгө даяр болушу шартталат.  

Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, ар бир сатып алуучу накталай же нак эмес түрдө төлөм жүргүзүү укугуна ээ болгондуктан, сатуучу алардын бул укугунан ажырата албастыгына байланыштуу кабыл алынган. Токтомдо кээ бир ишмердүүлүктөрдүн тизмеси көрсөтүлгөн, ага ылайык жеке жана юридикалык жактар өзүнүн ишмердүүлүгүн ишке ашырган иш чөйрөсүндө банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөм жүргүзүүчү жабдууларды өз убагында орнотушу керек.  

Бул тизмеге 50 чарчы метрден ашпаган соода түйүндөрүнөн башка бардык соода-сатык объектилери туура келет. Мындан сырткары, кызмат көрсөтүү чөйрөөсүндө иш алып барган мекемелер дагы, өзүнүн кардарларына нак эмес эсептешүүгө шарт түзүп берүүсү керек. Алардын катарына коомдук тамактануучу жайлар, дарыкана, медициналык борбор, авто унааларга май куюучу жайлар, сулуулук салондору, мейманканалар жана башка ишкердиктин түрлөрү кирет. Жалпысынан 21 ишкердиктин түрү камтылган. Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, бир катар соода-сатык мекемелери, коомдук тамактануучу жайлар жана дарыканалар тандалып алынган.  

Мониторингдин жыйынтыгында, тандалып алынган 10 жеке жана юридикалык ишмердүүлүктүн төртөөсү гана банктык төлөм карточкалар аркылуу соода жүргүзүү каралган POS-терминалдар менен жабдылгандыгы белгилүү болду. Ушуга жараша Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги тийиштүү жазма буйрук жиберет.  

Улуттук банк соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларында жана өзүнүн филиалдарында POS-терминалдарды орнотууну коммерциялык банктар жүргүзөрүн жана алар менчик ээси болуп саналарын белгилейт. 

Аны менен бирге, POS-терминалдарды орнотуудагы чыгымдарды, адистерди окутууну, жетекчилик көрсөтмө берүүчү материалдарды кабыл алууда соода түйүнү эч кандай чыгымдарга учурабайт. Бардык чыгымдарды адатта банк өз мойнуна алат. Соода-сервистик жай коммерциялык банк менен келишим түзүүдө комиссиялык сый акыны келишимдик баада төлөп берет. Ошондой эле соода-сервистик жайлар коммерциялык банктар менен сүйлөшүп, төмөнкү тарифте кызмат көрсөтүү үчүн менчик жабдуу сатып алуу варианты дагы каралат.  

 

– БТА Банк Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан 65 млн. сом суммасындагы биринчи траншын ийгиликтүү жайгаштырды

logo_ruБТА Банк Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражаттардын 65 млн. сом суммасындагы биринчи траншын ийгиликтүү жайгаштырды.

Транштын биринчи суммалары Кыргызстандын агро-өнөр жай комплекс, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, транспорт, текстилдик өнөр жай, медицина жана туризм сыяктуу тармактарында пайдаланылат.

«РоссияКыргызстан өнүктүрүү фондунун биринчи траншынан каржыланган 22 долбоордун бардыгы биздин бардыгыбыз үчүн ийгиликтүү болуп, чакан жана орто бизнести финансылоо программасынын алкагында старттык аянтча болуу менен өлкөбүздүн экономикасынын бардык жаатында мультипликативдик натыйжа берет деген оптимисттик көз караштабыз. РоссияКыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн биринчи транш Кыргыз Республикасынын БТА Банктын өкүлчүлүктөрү жайгашкан областтарында бөлүштүрүлдү» – деп билдирди Башкарманын биринчи орун басары Руслан Боронбаев.

– Своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жана чет өлкө валютасында кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодо кредиттерди сунуштоосу жөнүндө убактылуу жоболор бекитилген

2016-жылдын 5-февралында Улуттук банк Башкармасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасында кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодо кредиттерди сунуштоосу жөнүндө” убактылуу жоболор бекитилген. Бул ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б “Жеке адамдарга турак жай сатып алуусу үчүн чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө” буйруу талабын ишке ашырууга багытталган.