– Компаньон Инвест: Кыргызстанда Исламдык каржылоону өнүктүрүү

Ислам каржылоосу деген эмне жана ал биздин өлкөдө кайсы тармакка тиешелүү? Бул суроону биздин өлкөнүн көп жарандары беришет. Бул суроону чогуу түшүндүрүүгө аракет кылып көрөлү.

Негизи, каржылоонун салттуу концепциясы банктар жана финансылык уюмдар бир гана кредиттик жана акча каражаттары менен иштейт деген маанини билдирет. Ислам каржылоосу, тескерисинче, акчаны сооданын предмети катары кабыл албайт. (өзгөчө учурлардан башка). Акчанын жеке өзүнүн баалуулугу жок, алар алмаштыруунун гана каражаты болуп саналат.

Исламдык каржылоо тармагынын көйгөйлөрү

Келечектеги исламдык каржылоо уюмдары үчүн фундаменталдык теоретикалык жана практикалык негиздер түзүлгөндүгүнө карабастан, исламдык каржылоонун өнүгүүсү үчүн бир нече кайынчылыктар бар: исламдык социалдык-экономикалык мамилелер боюнча (муамалат) түзүлө элек илимий чөйрө, түзүлө элек ченемдик-укук базасы, жана профессионалдуу даярдалган адистердин жетишсиздиги.  

Компаньон Инвест: өнүгүү тарыхы

«Компаньон Инвест» ЧКК ЖЧК 2011 жылы ноябрь айында түзүлгөн. 2012 жылы Компаньон Инвест Мурабаха келишими боюнча биринчи операцияны жүргүзгөн. 2013 жылы ноябрь айында эл аралык «Islamic Microfinance Challenge 2013» жарышмасынын жыйынтыгы боюнча эң жакшы үч финалисттердин бирөөсү болуп тандалган.  2016 жылы Компаньон Инвест Шариаттын стандарттарын киргизгенден кийин, толугу менен исламдык каржылоо уюмдарынын бухгалтердик эсеп жана аудит стандарттарына өткөн.

Быйыл апрель айында «Компаньон Инвест» МКК ЖЧК активдеринин суммасы боюнча германиялык эң чоң банк- Deutsche Bank тан узак мөөнөттүү каржылоо инвестицияларын алып келди. Инвестициялык макулдашууга 2017 жылы 21 апрель күнү кол коюлган жана ал толугу менен Шариат стандарттарына ылайык тузүлгөн. Негизги максат – ислам укугуна ылайык микро каржылоонун продуктыларын жана кызматтарын колдоо. Каражаттар Deutsche Bank тын «Жаңы демилгелердин фонду» долбоорунун чегинде бөлүнгөн. Бул долбоор өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү киреше деңгээли төмөн кардарлар үчүн жеткиликтүү каржылоону сунуштайт.

– FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу «Финансы алиппесинин» экинчи этабын ишке киргизүүдө

8-июнда «Ысык-Көл толкуну» радиосунун эфиринде «Финансы алиппеси» радиоберүүсүнүн экинчи этабы чыкты.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча демилгени FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу биргеликте ишке киргизди. Орус тилиндеги үч мүнөттүк чыгарылыштын биринчи бөлүгүн Ысык-Көл облусунун тургундары апрель айында угушкан.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу FINCA Bank ишмердүүлүгүнүн бирден-бир багыты болгондуктан, ал радиоберүүлөрдүн демөөрчүсү гана болбостон, жеке финансыны, насыяларды, депозиттерди башкаруу жана башкалар тууралуу маалыматтарды да сунуштайт.

Радиоберүүнү 6-июлга чейин Караколдо FM 107.7 жана Чолпон-Атада FM 107.5 жыштыгынан күн сайын саат 7:30, 8:30, 9:30, 10:30, 11:30, 12:30, 13:30, 14:30, 15:30,16:30,17:30 жана 18:30да угууга болот.

 

 

– FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы өттү

FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы 12-майда болуп өттү.

 

«Биз дайыма кардарларыбыздын ыңгайлуулугун ойлойбуз жана сиздерге жакын болгудай кылып кеңселерди ачууга умтулабыз», – деп Банк Башкармасынын мүчөсү Кай Ильм бул күнү чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.

 

Канттагы аманат кассасы өзүнүн иштөө убагында жөнөкөй жарандар жана ишкерлер менен бекем кызматташууга жетишти. Бүгүнкү күндө FINCA Банк жеке жана юридикалык жактарга банк кызматтарынын кеңири түрүн сунуштайт, анын ичинде: насыяларды жол-жоболоштуруу, депозиттерди ачуу, алыш-бериш эсептерин ачуу, акча которуулар, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонуу.

Кардарлар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуулукту түзүүгө умтулуу – жаңы  кеңсеге көчүү чечимин кабыл алууга себеп болду, кеңсе кардарлар үчүн ыңгайлуу жерде – Ленин көчөсү, 68де жайгашты. Имарат FINCA Банктын жасалгалоо боюнча жаңы стандарттарына ылайык жабдылды жана жасалгаланды. Бул жерге келгендер меймандостукту жана жогорку сапаттагы тейлөөнү көрө алышат.

 

Белгилей кетчү нерсе, FINCA Банк өз кеңселери жайгашкан бардык жердеги жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүшүн активдүү колдоп келет жана өзүн да анын бөлүгү деп эсептейт.

 

Бүткүл өлкө боюнча FINCA Банкта бардыгы болуп жерине баруучу кассаларды эсептебегенде 73 тейлөө түйүнү бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:

0(312) 440 440 же уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз), кошумча номур 220;

Уюлдук: 0(772) 333 220.

 

– Компаньон Банкы насыялар боюнча акция баштады

Kompanion - business loanКомпаньон Банкы жазгы акция чегинде бир гана ушу жылдын 1 мартынан 31 мартына чейин бизнести өнүктүрүүгө жана топтук насыялар боюнча атайын шарттарды сунуштайт. Бул тууралуу банктын пресс-кызматы билдирди. Чакан жана орто бизнестер үчүн сомдук насыялар 4% төмөндөтүлдү. Мындан тышкары, бул акция мезгилинде жаңы кардарлар кошумча пайызсыз топтук насыя ала алышат.

«Биз чакан жана орто бизнес үчүн жаңы банктык продуктыларды жаратууну жана насыялоо шарттарын жакшыртууну улантуудабыз. Белгилей кетчү нерсе, Компаньон Банкы ар бир кардарга жеке мамиле кылат- биз ишкерлерге ийкемдүү төлөм графигин жана банктын агрономдорунун жана ветеринарларынын акысыз кеңештерин сунуштайбыз. Бул бизге ишкерлерди колдоого жардам берет», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.

Толук маалыматты  «Компаньон Банкы» ЖАК бөлүмдөрүнөн, www.kompanion.kg сайтынан, жана байланыш-борборунан бул номерлерге чалып алсаңыз болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик телефондон чалуу үчүн). 

Банк жөнүндө:

«Компаньон Банкы» ЖАК 2004 жылы түзүлгөн. Компаньон негизделгенден бери институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңейткен.  6,7 млрд сомдук активдери жана 1,6 млрд сомдук уставдык капиталы бар Банк бүткүл өлкө боюнча 109 бөлүмдөрүндө 96 миңден көп кардарларга кызмат көрсөтүүдө. Боорукердик Корпусу (Mercy Corps) эл аралык бейөкмөт уюму, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.

 

– КР Улуттук банкы Демир Кыргыз Интернэшнл Банкына процессинг жана клиринг боюнча лицензияны берүү чечимин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 11-январында «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы» ЖАКка үчүнчүжактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна лицензияны берүү чечимин кабыл алды.