Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш–чараларды жүргүздү
Март айынын 12-18-күндөрү , Компаньон Банкы Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week 2018) карата, Кыргызстандын баш калаасында жана аймактарында, 8-11 класстын мектеп окуучуларынын каржылык сабаттулугун жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрдү.
Кадамжай, Кербен, Ош, Талас, Токтогул, Токмок, Каинды, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Каракол жана Бишкектин мектептеринде лекциялар уюштурулуп, Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндө болжолу менен 700 мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күндөрү өткөрүлдү.
Окуучулар банктардын ишинин өзгөчөлүгү, киреше-чыгашаны пландаштыруу, акчаны үнөмдөө жөнүндө маалымат алышты. Андан тышкары, окуучулар менен банктын адистери интерактивдүү түрдө улуттук валютанын 25-жылдыгына байланыштуу, анын уникалдуулугун талкуулашты.












2-мартта Компаньон Банкы Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын
Бул жылы, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын анестезиология жана реаниматология кафедрасы 45 жылдык мааракесин белгилеп жатат! Башкармалыктын Төрагасы Жумабаев Эркинбек Алтымышевич, Компаньон Банкынын атынан, медициналык мекемеге абдан зарыл болгон проектор жана экранды белек катары тапшырды.
2-февралда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы электрондук капчыктарга тыюу салуу боюнча Улуттук банктын сунушун карап чыкты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул жарандардын жана каржы рыногунун коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтты.