– Халык Банк Кыргызстан медиктерге финансылык жардам көрсөттү

“Халык Банк Кыргызстан” ААК биздин өлкөнүн ар кайсы аймактарында иштеп жаткан эки жүздөн ашык медиктерге финансылык жардам көрсөттү. Акчалар коронавирус менен күрөшүү үчүналар ишке тартылган медициналык кызматкерлердин карточкаларына түз которулду.

Биз коронавирус инфекциясы менен алар бетме-бет күрөшүү менен иш жүргүзүп жаткан дарыгерлерге, медайымдарга, санитарларга, лаборанттарга жана бардык медициналык персоналга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Көпчүлүк учурда кыргызстандыктардын саламаттыгын жана өмүрүн күнү-түнү сактоо менен аларүй-бүлөсү менен бирге болуп, сүйлөшүүгөда мүмкүнчүлүгү жок болгон учурлар көп.

 


БАНК ТУУРАЛУУ:

  • “Халык Банк Кыргызстан” ААК2019-жылы ал өзүнүн 96-жылдыгын белгилеген«Казахстан Эл Банкы» АКнын туунду компаниясы болуп саналат.
  • “Халык Банк Кыргызстан” ААККыргызстандын финансылык рыногунда 15жылдан ашык убакыттан бери өзүнүнишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча“Халык Банк Кыргызстан” ААКнын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө жанаНоокатта.
  • «Халык Банк Кыргызстан»универсалдуу банктынстатусуна ээ жана №044банктыклицензиясынын негизинде өзүнүнишмердигин жүргүзөт.

Ипотека 15: «Халык Банк Кыргызстан» жаңы акция башталганы тууралуу жарыялады

«Халык Банк Кыргызстан» ААК өзүнүн 15 жылдыгынын наамына «Ипотека 15» деген символикалуу аталышы менен ипотекалык кредит берүү боюнча акциясын баштаганы тууралуу Сиздерге билдирет.

Акциянын шарттары:

  • Пайыздык чени: жылдык 15%;
  • Баштапкы мүчөлүк төлөм: 15%;
  • Кредиттин мөөнөтү: 15 жыл;

Натыйжалуу пайыздык чени 16,3%дан өйдө.

Read more »

Айнура Айбалаева КР Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, кызматтык ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (7 жыл) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Джусупов Тимур Джолчуевич Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын сунушу боюнча Айбалаева Айнура Маматовна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды.

Read more »

Халык Банк Кыргызстан» ААК уставдык капиталын көбөйтүүгө карата ниеттенүүcү тууралуу жарыялады

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому («Халык Банк Кыргызстан» ААК мындан ары – «Банк») Казахстан Эл Банкынын (Halyk Bank)  туунду компаниясы уставдык капиталын 1,2 млрд. сомго чейин көбөйтүүгө карата ниеттенүүсү тууралуу жарыялады.

Тийиштүү чечим 2019-жылдын 12-ноябрында Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.

Бардык тийиштүү жол-жоболордон өткөндөн кийин Банктын уставдык капиталы эки эсеге:  600 млн. 8 миң сомдон 1 млрд. 200 млн. 8 миң сомго чейин көбөйтүлөт (17 млн. АКШ долларынын эквиваленти), бул Кыргыз Республикасынын уставдык капиталынын өлчөмү боюнча 24-орундун ичинен Банктын сегизинчи орунду ээлөөсүнө мүмкүндүк берет.

Уставдык капиталдын көбөйүшү, бул акционердин Банктын өсүшүн жана өнүгүшүн колдоого даяр экендигин, Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда Банктын позицияларын андан ары бекемдөөгө көмөктөшө турганын тастыктайт.

Read more »

KICB жана KB Kookmin Bank Түштүк Кореядан Кыргызстанга акча каражаттарды которуу уникалдуу кызматтын башташты

Эсеп ачпастан Түштүк Кореядан Кыргыз Республикасына банктык которууну алуу бир гана KICB бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болгон жаңы кызмат болуп эсептелинет.

«Биздин корейлик KB Kookmin Bank өнөктөштөрүбүз менен жигердүү кызматташыктын  натыйжасында Түштүк Кореядан Кыргызстанга акча каражаттарды жөнөтүү уникалдуу кызматты тартуланышы тууралуу кубанычыбыз менен маалымдайбыз. Акча каражаттарды тез жана оңой которуу мүмкүн. Биздин Банк акча каражат которуу кызматтын туташтыргандан кийин, Кыргызстанда которууну ала турган адамга эсеп ачуунун кажети жок, жөн гана KICB бөлүмдөрүнүн бирине паспорту менен келип, акча каражатты жөнөтүүчү маалымдаган ПИН-кодду айтуу керек. Түштүк Кореядан акча каражаттарды которуу жаңы кызматтын ачылышы кыргызстандыктардын арасында популярдуу болот» – деп  Банктын пресс-кызматты ишенишет.

Read more »