Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 25-майында “ФИНКА Банкы” ЖАКсына электрондук акча чыгаруу укугуна лицензия берүү чечимин кабыл алды.
Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда
Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Учурда “РСК”, “Айыл банк” жана “КIСB” банктары аркылуу фонддун акчасын ишкерлер төмөн пайыздык үстөк менен алып жатат. Эскерте кетсек, чакан жана орто бизнести жолго салуу боюнча өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында дагы жазылган.
Кыргызстанда FINCAнын 20 жылдыгы
Быйыл Кыргызстанда FINCA өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Чейрек кылымдан аз убакыт ичинде микрофинансылык уюмдан ири коммерциялык банкка чейин өсүп, өлкөнүн бардык аймактарында кеңири каржылык кызматтарды көрсөтө алган филиалдар тармагын түзө алды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда FINCA Банктын 72 кызмат көрсөтүүчү түйүндөрү бар. 115 миңден ашык кардар FINCA Банкты өзүнүн каржылык өнөктөшү катары тандап алышкан.
FINCAнын Кыргызстандагы 20 жылдык мааракесине карата жакында жогорку жетекчилик: FINCA Internationalдин Президенти жана FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Руперт Скоффилд, FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Андреа Симон жана FINCA Евразиянын Региондук Директору Джефф Флауэрстер келишти.
Сомдун жарык жүздөрү
Акыл ашып, ыргак толгон алтын баш,
Адам болгон ар-намысты алдырбас.
Көчүн баштап келет сомдун татыктуу
Композитор Малдыбаев Абдылас.
Эмне кымбат өз тарыхың билүүдөн,
Эмне артык мекениңди сүйүүдөн?!
Бүбүсара бийчи менен дүйнөдө
Бир улутта экениме сүйүнөм!
Урматтуу айымдар!
Аялдардын эл аралык 8-март күнү майрамыңыздар менен чын дилден сизди куттуктайбыз! Сизге чың ден-соолук, зор бакыт-таалай, жаркын маанай каалайбыз жана ойлогон ой-максатыңыздардын ишке ашышына тилектештигимди билдиребиз!
Ар күнүңөр күлкүгө, сүйүнүчкө жана сүйүүгө толсун!
Урматоо менен,
Кыргызстан банктарынын союзу
Уважаемые дамы!
Поздравляем Вас с одним из самых добрых и прекрасных праздников – 8 Марта!
Желаем Вам всем доброго здоровья, праздничного настроения и исполнения желаний.
Пусть каждый новый день для Вас и Ваших близких будет светлым и радостным!
С уважением,
Союз банков Кыргызстана