– «Бай Түшүм» Банкы чакан, орто жана корпоративдик бизнести насыялоону дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү деңгээлге көтөрдү

Ар кандай бизнестин, өзгөчө жогорку технологиялуу бизнестин өнүгүшү ар дайым көлөмдүү финансылык инвестициялардын зарылдыгы менен байланыштуу. Атаандаштык рыногунун шарттарында инвестицияларды салуу бизнес-чөйрөнүн ар кандай өзгөрүүлөрүнө компаниялардын өз убагында жооп берүүсүнө жана алардын сатууларынын көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ушундан улам компаниялардын өнүгүү мезгилинде ыңгайлуу жана жакшы натыйжалуу чечимдерди сунуштай ала турган ишенимдүү финансылык өнөктөшүнүн болуусу өтө маанилүү.

Бизнес-кардарлардын дайыма өсүп турган талаптарынын шартында «Бай Түшүм» банкы Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык банкынын атайын фондусунун акционерлеринин колдоосу алдында, чакан,орто жана корпоративдик бизнес багытында  Банктын кубаттуулугун күчөтүү боюнча долбоорду ишке киргизди. Жаңы киргизилген долбоордун алкагында бизнес-кардарлар насыяларды берүү боюнча банк тарабынан чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрүн кыскартууга жана дифференцияланган баа мамилеси менен ыңгайлуу продукт түзүмүн киргизүү менен насыяларды берүү боюнча артыкчылыктарга ээ болушту. Мындан тышкары, насыялоо багытындагы бизнес-процесстер алда-канча жакшыртылды, бул өз кезегинде кардарларды тейлөөнүн баасын кыскартууга мүмкүнчүлүк түздү.

Бизнес багыты үчүн жаңы иштердин бири болуп, 6 айлык мөөнөткө бекитиле турган финансылык лимит болуп саналат.  Бул лимитти пайдалануу менен кардарлар зарыл болгон бардык учурларда каржылоону ала алышат. Финансылык лимиттин алкагында ар кандай продуктулар кошумча талдоосуз 1-2 күндүн аралыгында бериле тургандыгын белгилей кетүү керек. Ушул себептен, ар кандай бизнес-мүмкүнчүлүктөр же идеялар пайда болуп калган учурда, кардарлар банктын колдоосуна ишенишсе болот жана өздөрүнүн өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдө артыкчылыктуу боло алышат.  А эң башкысы, финансылык лимитти коюу – акысыз.

Дагы бир жаңылык: Бизнес-кардарлар үчүн  – овердрафт. Бул абдан ыңгайлуу продукт, анын жардамы менен финансылык кыска мөөнөттүү муктаждыктарды жоюуга болот, мында каражатты натыйжасыз пайдалангандыгы үчүн ашыкча төлөмдөр болбойт. Себеби, овердрафтты пайдаланган учурда  кардар продуктуну пайдаланган конкреттүү күндөрдүн саны үчүн гана төлөм жүргүзөт.  Банктын учурдагы  жана жаңы кардарлары овердрафт боюнча күрөөсүз лимит койо алышат, ошондой эле карыздуулукту ай сайын жоюунун да зарылдыгы жок.

Финансылык ишенимдүү өнөктөш катары «Бай Түшүм» банкын тандап алуу менен, бизнес-кардарлар ар дайым жекече мамилеге жана ыңгайлуу, пайдалуу финансылык чечимдер менен коштолгон сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат.

2017 жылдын 25 октябрында Компаньон Банкы жылдык 12-Алма фестивалын ийгиликтүү өткөрдү.

Иш-чара Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында айыл өкмөттөрүнүн активдүү колдоосу менен өттү. Бул иш-чаранын жардамы менен фермерлер миңге жакын тонна алма сата алышты.

Фестивалдын ачылышына  областтык жана райондук администрациялардын, Сүлүктү шаарынын мериясынын өкүлдөрү, жана Таджикистандан келген расмий делегация катышышты.  Меймандар бул иш-чаранын Кыргызстандын фермерлери үчүн маанилүү экендигин белгилеп, тажик кайра иштетүүчүлөр алма сатып алууга кызыкдар экендигин да билдиришти. Ошентип, фестиваль эл аралык иш-чара болуп калды. Баткен областынын  Мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Компаньон Банкына Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жергиликтүү жашоочулар белгилеп кеткендей, Компаньон Банкы экономикалык пайдадан тышкары, аларга чыныгы майрам уюштурушту: кызыктуу концерттик программа чоңдорго жана балдарга абдан жакты. Манас орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык аткаруулардан башка, фестивалдын меймандары көргөзмө-жармаңке болду. Көргөзмөдө 12 алма сорттору көргөзүлдү жана ар кандай мөмө жемиш тамактарынын дегустациясы болду.

Read more »

Компаньон Банкы насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү

Компаньон Банкы 2017-жылдын 16 октябрынан баштап, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү. Жаңы шарттар боюнча, кардарлар пайдалуу пайыздык чен боюнча 300 миң сомго чейин бизнес-насыя ала алышат. Банкта бул сунуш ушул жылдын аягына чейин гана жарактуу деп белгилеп кетишти.

«Чакан жана орто бизнести насыялоо – банктын негизги иш багыттарынын бири болуп саналат. Биз пайдалуу шарттарды жана ийкемдүү төлөм графигин сунуштап, ар бир ишкерге жеке мамиле кылабыз. Биз үчүн биздин кардарлар үчүн дайыма ишенимдүү жана ыңгайлуу каржы өнөктөшү болуп калуу маанилүү», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгиледи.

Бул акциянын чегинде топтук насыялар боюнча да өзгөчө шарттар каралган: топ түзүү учурунда жаңы кардарларга жана топко жаңы катышуучу алып келген кайталануучу кардарларга насыялар кошумча пайызсыз берилет. Топтук насыянын суммасы 12 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин болушу мүмкүн.

Read more »

Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү 

23- октябрда  Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү. Ал «Бай Түшүм» Банкын 17 жылдан бери жетектеп келди. Бул мезгил аралыгында «Бай Түшүм» Гүлнара Шамшиеванын жетекчилиги алдында финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан банктык толук лицензиясына ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн жолун басып өттү. «Бай Түшүм» бүгүнкү күндө банктык сектордо насыялык куржуну жана активдери боюнча 9-орунду, уставдык капиталы боюнча 10-орунду орунду ээлеп турат жана бүткүл өлкөбүз боюнча 105 миңден ашуун кардарларга финансылык тейлөөнүн толук спектерин сунуштап келүүдө.

Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын милдетин аткаруучу болуп Нургүл Төрөбаева дайындалды. Нургүл Төрөбаева «Бай Түшүм» Банкында 12 жылдан бери эмгектенет, бул жылдардын 7 жылы аралыгында Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын орун басары кызматында үзүрлүү иш алып барган. Ал казыналык, операциялык башкармалык, маалымат технологиялары башкармалыгы, методология башкармалыгы жана банктын коопсуздук кызматы тармактарын жетектеп келди. Банк ишинде жана микрофинансылоо тармагында 17 жылдан ашуун тажрыйбага ээ.

 

Read more »

2017-жылдын 25 октябрь күнү 12-Алма фестивалы өткөрүлөт

Компаньон Банкы 2017-жылы 25 октябрь күнү Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында өткөрүлүүчү 12- Алма фестивалына чакырат.Фестиваль биринчи жолу 2006-жылы Ысык-көлдүн жээгинде  өткөрүлгөн жана андан бери ал жакшы салт жана биздин өлкөнүн дыйкандары үчүн эффективдүү экономикалык аянтча болуп калды.

«Алма фестивалы биздин өлкөнүн бардык аймактарындагы коомчулуктардын потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет. Былтыр биз Алма фестивалын  Кадамжай районунда өткөрүп багбандарга 1500 тоннадан көп алма сатууга жардам бергенбиз. Мындан тышкары, ал иш-чарага бир гана Баткен областынын дыйыкандары жана жашоочулары эмес, Франция жана Өзбекистандан да делегациялар келишкен. Быйыл да ийгиликтүү иш-чараны уюштурууну пландайбыз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгилей кетти.

Read more »