Бул жылы, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын анестезиология жана реаниматология кафедрасы 45 жылдык мааракесин белгилеп жатат! Башкармалыктын Төрагасы Жумабаев Эркинбек Алтымышевич, Компаньон Банкынын атынан, медициналык мекемеге абдан зарыл болгон проектор жана экранды белек катары тапшырды.
«Учурда бизде көптөгөн жаш анестезиолог дарыгерлер билим алууда. Ушул күнгө чейин, электрондук түрдө окутуу учурунда, биз СССР убагындагы, кочкул кызыл көрсөткөн эски проекторду колдонуп келген элек. Ал эми жаңы жабдууларды пайдалануу менен биз окуу процессин бир топ жакшырта алабыз, деп ишенем. Мындай пайдалуу белек үчүн Компаньон Банкына чоң ыраазычылык билдиребиз,» – деди кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Молдоташева Айке Кенжеевна.










2-февралда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы электрондук капчыктарга тыюу салуу боюнча Улуттук банктын сунушун карап чыкты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул жарандардын жана каржы рыногунун коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтты.