Иш-чара Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында айыл өкмөттөрүнүн активдүү колдоосу менен өттү. Бул иш-чаранын жардамы менен фермерлер миңге жакын тонна алма сата алышты.
Фестивалдын ачылышына областтык жана райондук администрациялардын, Сүлүктү шаарынын мериясынын өкүлдөрү, жана Таджикистандан келген расмий делегация катышышты. Меймандар бул иш-чаранын Кыргызстандын фермерлери үчүн маанилүү экендигин белгилеп, тажик кайра иштетүүчүлөр алма сатып алууга кызыкдар экендигин да билдиришти. Ошентип, фестиваль эл аралык иш-чара болуп калды. Баткен областынын Мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Компаньон Банкына Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жергиликтүү жашоочулар белгилеп кеткендей, Компаньон Банкы экономикалык пайдадан тышкары, аларга чыныгы майрам уюштурушту: кызыктуу концерттик программа чоңдорго жана балдарга абдан жакты. Манас орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык аткаруулардан башка, фестивалдын меймандары көргөзмө-жармаңке болду. Көргөзмөдө 12 алма сорттору көргөзүлдү жана ар кандай мөмө жемиш тамактарынын дегустациясы болду.












Компаньон Банкы 2017-жылы 25 октябрь күнү Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында өткөрүлүүчү 12- Алма фестивалына чакырат.Фестиваль биринчи жолу 2006-жылы Ысык-көлдүн жээгинде өткөрүлгөн жана андан бери ал жакшы салт жана биздин өлкөнүн дыйкандары үчүн эффективдүү экономикалык аянтча болуп калды.