• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

Халык Банк Кыргызстан» ААК уставдык капиталын көбөйтүүгө карата ниеттенүүcү тууралуу жарыялады

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому («Халык Банк Кыргызстан» ААК мындан ары – «Банк») Казахстан Эл Банкынын (Halyk Bank)  туунду компаниясы уставдык капиталын 1,2 млрд. сомго чейин көбөйтүүгө карата ниеттенүүсү тууралуу жарыялады.

Тийиштүү чечим 2019-жылдын 12-ноябрында Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.

Бардык тийиштүү жол-жоболордон өткөндөн кийин Банктын уставдык капиталы эки эсеге:  600 млн. 8 миң сомдон 1 млрд. 200 млн. 8 миң сомго чейин көбөйтүлөт (17 млн. АКШ долларынын эквиваленти), бул Кыргыз Республикасынын уставдык капиталынын өлчөмү боюнча 24-орундун ичинен Банктын сегизинчи орунду ээлөөсүнө мүмкүндүк берет.

Уставдык капиталдын көбөйүшү, бул акционердин Банктын өсүшүн жана өнүгүшүн колдоого даяр экендигин, Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда Банктын позицияларын андан ары бекемдөөгө көмөктөшө турганын тастыктайт.

Read more »