Компаньон Банкы 11-алма фестивалына чакырат

kompanion-banky

20 аяк оона 2016

«Компаньон Банкы» ЖАК 2016-жылдын 24 сентябрында Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жыл сайын өтүүчү 11-Алма  фестивалын өткөрөт.  Фестивалга Кыргызстандын  фермерлери жана Франциялык багбандар катышышат. Алар алма өстүрүү жана алманы кайра иштетүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшүөт.

Read more »

«Компаньон Инвест» КР УБ банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине шайкештиги жөнүндө күбөлүк алды 

Kompanion«Компаньон Инвест» микрокаржылоо компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине шайкештиги жөнүндө күбөлүк алды (№352-4/534, 22-июль  2016-жыл).

2011-жылы түзүлгөн Компаньон Инвест «Компаньон Банкы» ЖАК нун туунду компаниясы болуп эсептелет. Бул компания насыялоодо карыз пайызы жок Шариат мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөт. Пайда жана зыянды кардар жана финансылык уюм тең бөлүшөт. Ал эми бардык келишимдердин негизи исламдык этикалык нормалар болуп саналат.

Read more »

Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат

komb_traktorРКӨФ республиканын кичи жана орто бизнес (КОБ) өкүлдөрүн колдоого багытталган “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат. Ишкерлер үчүн бул айыл чарба техникасын, өнөр жай жана башка жабдууларын ыңгайлуу шартта лизингге алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул продукт ЕАЭБдин рыногуна ата мекендик ишканалардын натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзөт. Каражаттарды РКӨФнун коммерциялык өнөктөш банктарынан алууга болот.

Максаттуу топ:

  • Өлкөдө жеке ишкерлер, дыйкан чарбалары катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жана каттоодон өткөн КРнын чарбалык субъекттери, ошондой эле коммерциялык уюмдар жана ишканалар

Read more »

«American Express Limited» компаниясы эл аралык төлөм системанын реестринде катталды

amexblue-752x348Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн «American Express Limited» компаниясы эл аралык төлөм системанын реестринде катталды. 

Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында катталган банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштаган 4-чу эл аралык төлөм системасы. Андан мурун, төмөнкү эл аралык төлөм системалар каттоодон өтүштү: «MasterCard Incorporated», «Union Pay International Co.Ltd» и «Золотая Корона». 

Read more »

Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда

Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Учурда “РСК”, “Айыл банк” жана “КIСB” банктары аркылуу фонддун акчасын ишкерлер төмөн пайыздык үстөк менен алып жатат. Эскерте кетсек, чакан жана орто бизнести жолго салуу боюнча өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында дагы жазылган.