«Бай Түшүм» Банкы жашылча жана жемиштерди кайрадан иштетүү боюнча кошумча нарк тизмегин финансылоо маселелерине арналган тегерек үстөл маектешүүсүн өткөрдү

bank-kg10-февралда «Бай-Түшүм» банкынын башкы офисинде «Кошумча нарк тизмегинин операторлорун финансылоо: Фермерлер-Кайрадан иштетүүчүлөр-Соода компаниясы-Дүкөн» темасына арналган тегерек үстөл маектешүүсү болуп өттү.

Бул маектешүүгө кайрадан иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү, «Вкус солнца» соода үйүнүн, «Фрунзе», «У дома» соода тармактарынын жана эл аралык «АВЕП», Хелветас коомдук фонддорунун, «TES Centre» жана USAIDдин Агрогоризонт коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышышты.

Read more »