КР Президентинин «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. Жаңы технологияларды киргизүү жана финансы продукттарын (кызмат көрсөтүүлөрүн) санариптештирүү, аларды бүткүл калк жана ишкердик субъекттери үчүн жеткиликтүү кылуу, инвестициялар жана финансы операциялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эл аралык финансы рыногуна интеграция болуу, өлкөнүн калкынын аманаттарынын деңгээлин көтөрүү Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептелсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катышуусунда сунушталсын:

— накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө босоголук суммаларды белгилөөнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;

— накталай эмес ыкма менен, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө түзүү үчүн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге түрткү берүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;

— криптовалюталарды жүгүртүүнүн укуктук негизин түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн аларды жүгүртүүнү жөнгө салууну киргизүү жагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;

— аралыктан тейлөө каналдары, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процессине финансы-насыялык уюмдарды киргизүү аркылуу насыя берүүнү ишке ашыруу үчүн финансы-насыялык уюмдардын маалымат алуусу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча органдарынын маалыматтар базаларын калыптандыруу жана шарттарды түзүү маселесин иштеп чыгуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— зайымчылар үчүн каржылоонун жеткиликтүү болушун жогорулатуу максатында финансы-насыя берүүчү уюмдар берүүчү насыялардан сатуудан салык алууну болтурбоо жөнүндө маселени карап чыгуу;

— экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүү үчүн Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен бирдикте кластердик продукттарды ишке ашырууну активдештирүү;

— региондордо жеткиликтүү каржылоону кеңейтүү;

— камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун альтернативдүү түрлөрүн киргизүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунушталсын:

— ислам банктык ишин жүргүзүүнүн эл аралык мыкты тажрыйбаларынын элементтерин ченемдик укуктук актыларга киргизүү, ошондой эле кызыкдар жактарга/инвесторлорго консультация берүү/түшүндүрүү жана маалыматтарды берүү аркылуу ислам банктарын жана коммерциялык банктарда ислам терезелерин ачууга көмөк көрсөтүү жолу менен ислам банкингин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү;

— финансы технологиялары чөйрөсүндө (финтех-стартаптар), анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында   инновацияларды өнүктүрүү жана киргизүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү;

— Кыргыз Республикасында өз ара насыялоону (Р2Р-насыялоону) киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карап чыгуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен төмөнкүлөрдү караган маселелерди иштеп чыгуу сунушталсын:

— онлайн-насыялоого багытталган насыя продукттарын киргизүү;

— мобилдик банкинг тиркемелерин алар аркылуу накталай эмес түрдө, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле банктык продукттардын жеткиликтүү болушун жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен ишке киргизүү;

— контактсыз карталарды чыгарууну камсыз кылуу, ошондой эле контактсыз интерфейс боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында бардык өздүк перифериялык түзүлүштөрдөн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын контактсыз карталарын бардык жерде кабыл алуу жана тейлөө;

— Кыргыз Республикасынын бардык аймагында электрондук акчалардын функционалдык шайкештигин (интероперабелдүүлүктү) камсыз кылуу жана бирдиктүү экосистемасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүргүзгөн электрондук акчалар менен эсептешүү системаларынын операторлору менен бирдикте электрондук акчалар менен эсептешүүнүн өздүк системаларын өз ара интеграциялоону жүргүзүү;

— региондордо банктык жана төлөмдүк инфраструктураны кеңейтүү.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.