Компаньон Банкынын Элкарт жана VISA карталарынын ийкемдүү депозити

Компаньон Банкы кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн дайыма өзүнүн продуктыларын жакшыртууга аракеттенет. Эми Элкарт улуттук картасы жана Visa эл аралык картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө гана эмес, акча каражаттарын топтоо да мүмкүн.

Элкарт жана Visa карталарынын ийкемдүү депозитинин иштелип чыккан артыкчылыгы-бул каалаган убакта акча алса болот, жана ошол эле убакта  пайыздык киреше алса болот. Бул продукт максималдуу ийкемдүүлүктү камсыз кылат жана кардарга аманат суммасын толуктоо, жылдык 12% чейин алуу жана акча каражаттарын эсептелген пайыздарды жоготпостон алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эсептин азайтылбаган калдыгы кардардын тандоосу боюнча 10 000 же 20 000 сомду түзөт. Пайыздар бир гана азайтылбаган калдыкка эмес,  ар бир толуктоо суммасына да эсептелет. Мындан тышкары, картага ай сайын капиталдаштыруу каралган.

Ийкемдүү депозити бар Элкарт жана Visa дебет карталары менен коммуналдык кызматтар үчүн төлөө, соода-кызмат ишканаларында жана интернетте (Visa) төлөө, жана CARDEX (Элкарт) аркылуу акча которуу да мүмкүн.

Мындан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу өзүңүздүн депозит эсебиңизди алыстан башкара аласыз, жана бул артыкчылыгы продукттун дагы бир ыңгайлуулугу болуп саналат!

Ийкемдүү депозитти Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүндө ачуу мүмкүн. Толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан же байланыш-борборунун номерлери боюнча алуу мүмкүн: (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик телефондон чалуу акысыз).

Банк жөнүндө:

«Компаньон Банкы» ЖАК 2004 жылы негизделген. Негизделгенден бери Компаньон институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өтүп, Кыргызстандагы бөлүмдөрүн кыйла көбөйткөн. 6,1 млрд сом активдери жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталы бар банктын бүткүл өлкө боюнча 112 бөлүмдөрүндө 94 миңден көп кардарларга кызмат көрсөтөт.  Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps) эл аралык бейөкмөт уюму, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору банктын акционерлери болуп саналат.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.