Компаньон Банкы Бишкектин борборунда жаңы филиал ачты

Компаньон Банкы Бишкек шаарында Борбордук филиалдын ачылышы жөнүндө билдирет. Филиал жеке кардарлар жана юридикалык жактар менен иштейт жана аларга банктык кызматтардын көптөгөн  түрлөрүн сунуштайт: эсептик-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялары, акча которуулары, аманаттар, төлөм карталары.

«Биз өзүбүздүн филиалдык тармагыбызды кеңейтүүнү улантып, борбордогу кардарларыбызга дагы жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Шаардын борборунда жаңы кеңсе ачуу менен, биз тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Биз сизди жаңы филиалыбызга чакырабыз жана пайдалуу финансылык чечимдерди сунуштаган ишеничтүү компаньон болууга кубанычта болобуз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.

Компаньон Банкы 2004 жылы негизделгенден бери өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстанда кыйла кеңейтти. Банктын филиалдык тармагы өлкөнүн бардык региондоруна жайылып, азыркы күндө 111 бөлүмдөрү бар.

Борбордук филиал Токтогул көчөсү 106/Раззаков  дареги боюнча жайгашкан жана кардарлар үчүн дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин 8.30 дан 17.30 чейин тыныгуусуз иштейт. Толук маалымат үчүн  бул номерлерге чалыңыз: 0312 33 88 00 жана 88 00. Кош келиңиздер!

Банк жөнүндө:

«Компаньон Банкы» ЖАК 2004 жылы түзүлгөн. Компаньон институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана азыркы күндө 6,3 млрд сомдук активдери жана 1 млрд 616 миң сомдук уставдык капиталы бар туруктуу Банк болуп саналат. Банктын бүткүл өлкө боюнча 111 бөлүмдөрү, 96 миң кардарлары, 1060 кызматкерлери бар. Боорукердик Корпусу (Mercy Corps) эл аралык бейөкмөт уюму, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.