РСК Банк&MEGA жаңы салык режимине өтүү үчүн, «Ишкер24» мобилдик тиркемесинин 1.0 версиясын ишке киргизди

РСК Банк&MEGA жаңы салык режимине өтүү үчүн, «Ишкер24» мобилдик тиркемесинин 1.0 версиясын ишке киргизди!

1-июлду күтпөңүздөр! Өз убагында өтүңүздөр!

РСК Банк&MEGA мамлекеттик компанияларынын коллаборациясы Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик бирдиктүү мобилдик тиркеменин биринчи версиясын Android тутумунда ишке киргизди. Apple Store тарабынан валидациянын жыйынтыгы чыгарылган соң, жакынкы арада iOS тутумунда (Apple телефондорунда) жеткиликтүү болот. «Ишкер24» ─ 2024-жылдын 1-июлунда (!) соода ишмердүүлүгү үчүн патентти жокко чыгарууга байланыштуу ишкерлердин өтүнүчү боюнча иштелип чыккан санариптик чечим.

РСК Банк&MEGA бул коллаборациясы, ошондой эле өлкөдөгү GovFinTech мамлекеттик финтех секторун ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.

Маанилүү! «Ишкер24» аркылуу каттоо учурунда кирешеси 15 млн сомго чейинки жеке ишкерлер үчүн:

  • 0 салык, 0 отчет, ККМ\QR (Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөр гана). *Бирдиктүү салык режиминин алкагында калкка товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатууну ишке ашыруучу жеке ишкерлер.

Мобилдик тиркеменин биринчи версиясы төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү шарттайт:

  • “Түндүк” бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу авторизациялоодон өтүү;
  • Мамлекеттик салык кызматында ЖИни каттоого электрондук арыз берүү;
  • «РСК Банкта» эсептешүү эсебин ачуу;
  • Товарларды, жумуштарды жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда QR -төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • «РСК Банктын» бөлүмдөрүндө каражатты накталай акчага айландыруу;
  • ЭЭФти көрүү;
  • МегаКассага онлайн -катталуу (онлайн ККМ).

Андан кийин, «Ишкер24» тиркемеси салык реформасынын жол картасына ылайык модулдар менен толукталат. Алардын ичинде: төлөмдөр жана которуулар, бизнес үчүн маалымкаттар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) менен онлайн иштөө, бирдиктүү салык декларациясы жана башка кызматтар жана сервистер.

Жалпысынан алганда, «Ишкер24» мобилдик тиркемеси ─ бул ишкердигиңиздин бардык этаптарын “бирдиктүү терезе” аркылуу онлайн ыкмада жүргүзүү. Бул ыңгайлуу, жөнөкөй! МСК жана башка мамлекеттик органдарга баруунун кажети жок. Бул ─ бизнесиңизди телефон аркылуу жүргүзүү, көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү!

Артыкчылыктары: акысыз банктык жана карталык тейлөө, интернетке кирүү (MEGA абоненттери үчүн, баланс нөл болгон учурда да, тиркемеге кирүү). Мындан тышкары, пайдалануу, накталай акча каражаттарын алуу жана QR-код аркылуу төлөө үчүн комиссия алынбайт!

Көңүл буруңуз! «Ишкер24» сиздер үчүн жана сиздер менен биргеликте ишке ашырылат, ишкерлер!

Мобилдик тиркемени жакшыртып туруу үчүн, кайтарым байланыш чогултуу линиялары ачылды:

  • Бирдиктүү кыска номер – *2400
  • WhatsApp – (+996) 755 002 400
  • МСК call-борбору – 116.

Байланыш борборлору иш күндөрү, саат 09:00дөн 18:00гө чейин жеткиликтүү. 18:00дөн кийин билдирүүлөр жазуу жүзүндө кабыл алынат.

Ошондой эле РСК Банк&MEGA МСК менен биргеликте өлкө аймактарында «Ишкер24» боюнча жеке маалымдоо кампаниясын башташат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн администрацияларында ишкерлер менен жеке жолугушууларды өткөрүү, борбордогу бизнес-ассоциациялар үчүн бирдиктүү презентация өткөрүү пландаштырылууда.

Маанилүү! Ар бир санариптик чечим ─ бул процесс эмес, натыйжа. Башкача айтканда, тиркеме системалуу түрдө жакшыртылып, кайтарым байланыштын негизинде жакшыртылып турат.

Ишкерлерди тиркемени биргелешип түзүүгө активдүү катышууга жана аны туруктуу өркүндөтүп турууга чакырабыз.

Көңүл буруңуз! 1-июлду күтпөңүз! «Ишкер24» тиркемесине азыр өтүңүз – кезексиз, МСКнын маалыматтык тутумдарына жүктөмсүз! Анткени, салык мыйзамдарына ылайык, жеке ишкерди онлайн-каттоону карап чыгуу үчүн, 3 күнгө жакын убакыт талап кылынат.

*Ишкер24 тиркемеси Мамлекеттик салык кызматынын маалымат тутумдары, ТүндүкИнфоком” менен өз ара аракеттенет жана ошондой эле, анын иштөөсү алардын тутумдарынын ишинен көз каранды.

Толук маалымат – www.ishker24.kg сайтында.

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.