«РСК Банк» ААК жана China National Heavy Machinery Corporation кызматташуу келишимине кол коюшту

2024-жылдын 12-январында «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев менен China National Heavy Machinery Corporation президенти Mr. Xiao Ping ортосунда алкактык келишимге (жабдууларды жана техниканы сатып алуу-сатуу келишимине) кол коюу аземи болуп өттү.

«РСК Банк» ААК жана China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) өнөктөштүк алкагында, атлган корпорация Кыргызстанга чакан жана орто бизнес үчүн 110 миллион юань жалпы суммасында (15 миллион АКШ долларына барабар) жабдууларды жана атайын техникаларды жеткире баштайт.

Банк бул атайын техниканы жергиликтүү ишкерлерге жеңилдетилген шартта лизинг тартибинде берет.

Mr. Xiao Ping бул жолугушуунун жүрүшүндө CHMC менен «РСК Банктын» ортосунда келишимге кол коюу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жакшы стимул болорун өзгөчө баса белгиледи. Ошондой эле, компаниялардын ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде, Уланбек Ногаев бул келишим калкты колдоого багытталгандыктан, Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болорун кошумчалады. Келишимге ылайык, Банк орто жана чакан бизнести ортомчуларсыз эле атайын техника менен камсыздай алат. Натыйжада бул жабдуулардын баасы бир топ арзандап, кардарлар үчүн эң сонун жардам болот.

Маалымат үчүн. China National Heavy Machinery Corporation (Кытайдын улуттук оор машина куруу корпорациясы) — Global 500 (дүйнөдөгү 500 ири компания) мүчөсү болгон Sinomach конгломератынын туунду компаниясы болгон Кытайдын мамлекеттик ишканасы.

CHMC жол куруу жана айыл чарба техникаларын, соода-сатык машиналарын, станокторду жана ар кандай өнөр жай жабдууларын (анын ичинде энергетикалык, металлургиялык жана геологиялык) чыгарууга адистешүү менен иштейт. Компания энергетика жана транспорттук объектилерди куруу менен да алектенет.

https://rsk.kg/news/rsk-bank-i-china-national-heavy-machinery-corporat?for_who=individual 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.