OKUU.UB.KG платформасында FinHealth Score онлайн сурамжылоодон өтүп, 5 байге смартфондун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз

Финансы боюнча билимиңизди арттырып, потенциалыңызды өнүктүргүңүз келеби, бирок аны кантип жасоону билбей жатасызбы?

Кыргызстандын банктарынын бирикмеси чакан жана орто бизнес үчүн мурда жарыяланган онлайн демилгесин  – OKUU.UB.KG платформасында (http://okuu.ub.kg) акысыз финансылык сабаттуулук курсун жана Финансылык саламаттыкты баалоо сурамжылоонун жардамы менен финансылык бакубаттуулугуңузду өлчөө куралын сунуштайт.

Буга чейин FinHealth Score онлайн сурамжылоону өткөндөрдүн жана аны 25-июнга чейин экинчи жолу өткөндөрдүн арасында беш байге Xiaomi Redmi 11S смартфону ойнотулат.

Финансылык саламаттыкты баалоо сурамжылоону кыргыз же орус тилдеринде өтсөңүз болот.

Болгону муруңку логининизди  жана сырсөзүңүздү колдонуп кириңиз. Учурдагы каржылык саламатыгыңызга система аркылуу баа бериңиз. OKUU.UB.KG окуу платформасы окуу курсун жана сурамжылоону ыңгайлуу жерде жана каалаган убакта өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.