«Банктар аралык Процессинг Борбору» ЖАК

Процессинг борбору Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн инфраструктураны түзүү максаты менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана республика аймагында иштеп жаткан 11 коммерциялык банктын биргелешкен күч аракетинин аркасында 2004-жылы түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө “БАПБ” ЖАК бардык коммерциялык банктар, төлөм уюмдары жана өлкөнүн финансы системасынын башка катышуучулары менен кызматташып, “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын жалгыз оператору жана ELQR Башкы оператору болуп саналат, ошондой эле процессинг борборунун, анын ичинде эл аралык төлөм карталарынын эмитентинин функцияларын аткарат.

Компания калк жана бизнес үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуучу заманбап төлөм чечимдерин активдүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда.