Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзүлүп келген кредиттик аукциондор боюнча төлөмдөрдү жабуу мөөнөтүн узартат

NBKRАйыл-чарбасын колдоо максатында жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө таасир этүү үчүн Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында 2013-жылдан баштап, кредиттик аукциондор өткөрүлүп келет. Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондун алкагында сунушталуучу ресурстар коммерциялык банктарга өлкө экономикасынын приоритеттүүтармактарын кредиттөөгө, анын ичинде айыл-чарба өндүрүшүн кредиттөөгө дагы багытталышы керек. 

Ушул эле учурда кредиттик аукциондор алкагында берилип жаткан кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү максатында, кредит алуучулар үчүн максималдуу пайыздык чендерге чектөөлөр киргизилген. 20132014жылдары коммерциялык банктардын акыркы алуучуларына максималдуу пайыздык чен 17,92% өлчөмүндө коюлган, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын финансылоо” атайын программасына байланыштуу болду. 

Азыркы учурда өкмөттүн “Айыл чарбасын финансылоо-3” программасына ылайык коммерциялык банктардын акыркы алуучузайымчылары үчүнөсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана мал чарбачылыгына 20,34 пайызөлчөмүндө жанаайыл чарба продукцияларын кайра иштетүү секторуна 21,75 пайыз өлчөмүндө пайыздык чен белгиленген. 

Улуттук банк 2013-2015жылдары экономиканын маанилүү тармактарын кредиттөө максатында, анын ичинде айыл чарбаөндүрүүчүлөрүнө, кредиттик аукциондор алкагында жалпы суммасы 5 635,90 млн сом кредит бөлүнгөн, анын ичинде айыл чарбасына 3 675,0 млн сом каралган. Кредиттер коммерциялык банктар тарабынан максималдуу мөөнөт 2 жылда (бардык узартууларды эске алуу менен) кутулуу үчүн берилген. Ушунун негизинде 2014-жылы берилген жалпы суммасы 3 032,95 млн сом көлөмүндөгү кредиттерден кутулуунун мөөнөтү 2016-жылы аяктайт. 

Өлкөдөгү экономикалык абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кризиске каршы иш-аракеттер жана экономиканын долларлашуусуна каршы программалардын алкагында2014-жылга чейинки аралыкка берилген кредиттерди бир жылдык мөөнөткө узартуу чечими кабыл алды. Бул кадам банктык секторду “узун ресурстар” менен камсыздоого жол берип, ресурстар болсо, өз кезегинде, экономиканын маанилүү тармактарын кредиттөөгө, анын ичинде айыл чарба тармагына да каралат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондун алкагында берилген бардык кредиттик каражаттар, өлкөнүн экономикасында жүрөт. Анткени, кредитти жабуу үчүн берилген каражаттын баардыгы, кайрадан эле коммерциялык банктар аркылуу максаттуу экономикалык тармактарды кредиттөөгө жумшалат. Ушуга жараша, бул иш-чара баарынан мурда карыз алуучуларды колдооүчүн багытталат. 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.