KICB өнөктөштөрү менен биргеликте экологиясын жакшыртуу максатында 14 000 ашуун көчөт отургузушту

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз-Инвестициялык Кредит Банкынын дегмилгеси боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жана Кумтөр Голд Компанинин колдоосу менен  түзүлгөн “Жашылдандыруу Фонду”  Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан №11 жаңы бала бакчага бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузушту.

Мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында Банктын жана өнөктөштөрдүн демилгеси менен жылына миңден ашуун жаңы көчөттөр отургузулат. Тигилип көгөрүп турган бак-дарактар  ​​кычкылтек бөлүп чыгарып, абанын температурасын жөнгө салып, токсиндерден тазалап, борбор үчүн жагымдуу микроклиматты камсыз кылат.

 «Green Foundation долбоорунун алкагында биринчи жолу бак-дарактарды отургузуу 2012-жылы өткөрүлгөн, бүгүнкү күнгө чейин биз биргелешкен күч-аракеттерибиз менен 14 миңден ашуун көчөт отургуздук. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо жана Республикада жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Көчөттөрдү отургузуу демилгебиз мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде өткөрүлүп жаткандыгы бекеринен эмес. Бак-дарактарды, тигилип көгөрүп турган бактарды отургузуу жана аларга кам көрүү аркылуу биз жаш муундарга экологиялык баалуулуктарды, жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтүп жатабыз. Долбоордун алкагында отургузулган миңдеген бак-дарактар ​​ жана бадалдар көп жылдардан бери өсүп, шаарга жана анын жашоочуларына, биринчи кезекте биздин балдарга таза абаны тартуулап жатат ”, – деп Бектур Алиев, “КИКБ” ЖАК Башкармасынын төрагасы  айтып кетти.

KICB экологиялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат. “Жашылдандыруу Фонду” долбоорунун максаты – Кыргызстанды жашылдандырып, экологиялык жактан таза кылуу, коомчулукту жаратылышка аяр мамиле кылууга жана келечек муунга жашыл шаар калтырып кетүүгө тартуу болуп саналат.

Негизги жашылданыруу грантынан тышкары, KICB бала бакчага компьютердик жабдууларын  белекке берди.


Справка

“Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” ЖАК (КИКБ) Кыргыз Республикасында шаарларды  жашылдандыруу жана жашоого жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 2012-жылы “Жашылдандыруу Фондун” түзүп, көчөттөрдү отургузуу жана бак-дарактарды сактоо боюнча кампанияны демилгелеген.  2021 жылы 10 жылдык маараке отургузуу болуп өттү.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.