
ААК «Кепилдик фонд» — Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өсүшүнө активдүү көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн адистештирилген финансылык уюм. Фонд ишкердик секторун колдоо жана өнүктүрүү аркылуу, чарба жүргүзүүчү субъекттердин кепилдик камсыздоо инструменттерин пайдалануу менен финансылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.
Кепилдик фонд өзүнүн жетиштүү күрөө мүлкү жок ишкерлерге кепилдиктерди берет, бул алардын банктык жана финансылык кредиттерге жетүүсүн кыйла жеңилдетет. Фонддун инструменттери коммерциялык банктар жана башка финансылык өнөктөштөр тарабынан чакан жана орто бизнести, экспортко багытталган ишканаларды, ошондой эле айыл чарба, өнөр жай, ипотекалык кредиттөө жана туризм сыяктуу экономикадагы артыкчылыктуу тармактарды колдоо үчүн колдонулат