«ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасы фишинг (шектүү) сайттарын колдонуу аркылуу жасалма транзакциялар болуп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.

Бүгүнкү күндө шылуундар төмөнкүдөй иш-аракеттерди кылышат:

  1. Сатып алуучунун атын жамынып алып, Шылуундар товарларды сатуу жөнүндө жарнамалар жарыяланган сайттардын/тиркемелердин колдонуучуларына кайрылып жеткирүү кызматы/компаниялары аркылуу товарларын сатып алууну сунуштайт.
  2. Эгерде Сатуучу ушул жол менен төлөмдү алууга макул болсо, Шылуундар  жасалма туура эмес (фишинг) сайтына шилтеме жөнөтөт, жана ал сайт аркылуу Сатуучунун картасынын маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алат.
  3. Шылуундардын максаты – Сатуучунун картасынын маалыматтарын билүү жана анын акча каражаттарын алуу, бирок бул үчүн Шылуундар Сатуучуга келген тастыктоочу SMS-кодду дагы киргизүүсү керек.
  4. Сатуучу тастыктоочу SMS-кодду алгандан кийин аны Шылуундарга жөнөтөт, жана буюму үчүн акча каражат алам деп күтөт, бирок анын ордуна, Шылуундар Сатуучунун картасынан акча каражаттарды чыгарып кетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу, урматтуу ЭЛКАРТ картасынын ээлери, Сиздерди сак болуңуздарды жана картаңыздын маалыматын шектүү сайттарга киргизбөөнүздү, ошондой эле эч качан тастыктоочу SMS-кодду эч кимге айтпаңызды суранабыз.

Кошумча баса белгилей кетчу жагдай, ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери Сизден эч качан ар түркүн сайттарга картаңыздын маалыматтарын киргизүүнү суранбайт жана картаңыздын маалыматтарын жана тастыктоочу SMS-коддорду сурабайт.».

https://ipc.kg/novosti/69-nps-jelkart-informiruet-vas-o-sluchajah-moshennicheskih-operacij-s-ispolzovaniem-fishingovyh-podozritelnyh-sajtov-.html

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.