• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

Азия Банкы VISA INFINITE сунуштайт

Азия банкы өзүнүн кардарларына жаңы VISA INFINITE картасын сунуштайт.

Бул жөн гана банктык карта эмес, бул финансылык мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө карай чыныгы ачкычы болуп саналат.VISA INFINITE менен болгон ар бир транзакция сизге укмуштуу тажрыйба алып келет, ал эми сиздин саякаттоолор Манас аэропортундагы акысыз интернет-роуминг жана VIP-статуска жараша дагы ыңгайлуураак болот.

Картанын ээлери жылына 6 жолу багажды акысыз таңгактоо мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат, ал эми жеке менеджерлердин ынтымактуу командасы жана онлайн-консьерж ар кандай суроолор боюнча 24/7 бою жардам берүүгө даяр.

Турак-жайга, унаа ижарага алууга жана башка артыкчылыктарга карата атайын арзандатуулар VISA INFINITEни ыңгайлуулукту жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин баалагандар үчүн туура тандоого айландырат. Бул продукт финансы чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү гана кеңейтпестен, ар бир кардар үчүн унутулгус тажрыйбаны түзүп берет.

VISA INFINITE  картасы  жөнүндө  кененирээк  маалыматты  сайттан караңыз https://www.bankasia.kg/kg/retail/cards/infinite

«РСК Банк» ААК жана China National Heavy Machinery Corporation кызматташуу келишимине кол коюшту

2024-жылдын 12-январында «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев менен China National Heavy Machinery Corporation президенти Mr. Xiao Ping ортосунда алкактык келишимге (жабдууларды жана техниканы сатып алуу-сатуу келишимине) кол коюу аземи болуп өттү.

«РСК Банк» ААК жана China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) өнөктөштүк алкагында, атлган корпорация Кыргызстанга чакан жана орто бизнес үчүн 110 миллион юань жалпы суммасында (15 миллион АКШ долларына барабар) жабдууларды жана атайын техникаларды жеткире баштайт.

Банк бул атайын техниканы жергиликтүү ишкерлерге жеңилдетилген шартта лизинг тартибинде берет.

Read more »