Бүгүнкү күндө шылуундар төмөнкүдөй иш-аракеттерди кылышат:
- Сатып алуучунун атын жамынып алып, Шылуундар товарларды сатуу жөнүндө жарнамалар жарыяланган сайттардын/тиркемелердин колдонуучуларына кайрылып жеткирүү кызматы/компаниялары аркылуу товарларын сатып алууну сунуштайт.
- Эгерде Сатуучу ушул жол менен төлөмдү алууга макул болсо, Шылуундар жасалма туура эмес (фишинг) сайтына шилтеме жөнөтөт, жана ал сайт аркылуу Сатуучунун картасынын маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алат.
- Шылуундардын максаты – Сатуучунун картасынын маалыматтарын билүү жана анын акча каражаттарын алуу, бирок бул үчүн Шылуундар Сатуучуга келген тастыктоочу SMS-кодду дагы киргизүүсү керек.
- Сатуучу тастыктоочу SMS-кодду алгандан кийин аны Шылуундарга жөнөтөт, жана буюму үчүн акча каражат алам деп күтөт, бирок анын ордуна, Шылуундар Сатуучунун картасынан акча каражаттарды чыгарып кетиши мүмкүн.