2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз-Инвестициялык Кредит Банкынын дегмилгеси боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жана Кумтөр Голд Компанинин колдоосу менен түзүлгөн “Жашылдандыруу Фонду” Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан №11 жаңы бала бакчага бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузушту.
Мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында Банктын жана өнөктөштөрдүн демилгеси менен жылына миңден ашуун жаңы көчөттөр отургузулат. Тигилип көгөрүп турган бак-дарактар кычкылтек бөлүп чыгарып, абанын температурасын жөнгө салып, токсиндерден тазалап, борбор үчүн жагымдуу микроклиматты камсыз кылат.