Кайтарым каражаттарды жайгаштыруу боюнча алгачкы ачык аукциондо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги БТА Банк ЖАКка эң жакшы шарттар үчүн 106,8 млн. сом суммасында жайгаштыруу укугун берди.
БТА Банк өз кезегинде бөлүнүп берилген транштардын суммасын дээрлик эки эсе көбөйтүү менен өз каражаттары менен биргелешип каржылоого милдеттенди.