Кыргызстанда FINCAнын 20 жылдыгы

IMG_5357Быйыл Кыргызстанда FINCA өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Чейрек кылымдан аз убакыт ичинде микрофинансылык уюмдан ири коммерциялык банкка чейин өсүп, өлкөнүн бардык аймактарында кеңири каржылык кызматтарды көрсөтө алган филиалдар тармагын түзө алды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда FINCA Банктын 72 кызмат көрсөтүүчү түйүндөрү бар. 115 миңден ашык кардар FINCA Банкты өзүнүн каржылык өнөктөшү катары тандап алышкан.

FINCAнын Кыргызстандагы 20 жылдык мааракесине карата жакында жогорку жетекчилик: FINCA Internationalдин Президенти жана FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Руперт Скоффилд, FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Андреа Симон жана FINCA Евразиянын Региондук Директору Джефф Флауэрстер келишти.

Read more »