БТА Банк Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражаттардын 65 млн. сом суммасындагы биринчи траншын ийгиликтүү жайгаштырды.
Транштын биринчи суммалары Кыргызстандын агро-өнөр жай комплекс, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, транспорт, текстилдик өнөр жай, медицина жана туризм сыяктуу тармактарында пайдаланылат.
«Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун биринчи траншынан каржыланган 22 долбоордун бардыгы биздин бардыгыбыз үчүн ийгиликтүү болуп, чакан жана орто бизнести финансылоо программасынын алкагында старттык аянтча болуу менен өлкөбүздүн экономикасынын бардык жаатында мультипликативдик натыйжа берет деген оптимисттик көз караштабыз. Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн биринчи транш Кыргыз Республикасынын БТА Банктын өкүлчүлүктөрү жайгашкан областтарында бөлүштүрүлдү» – деп билдирди Башкарманын биринчи орун басары Руслан Боронбаев.