Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун, жаңы жашоонун башталышын жана жаркын үмүттөрдү символдоштурган Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул майрам ар кандай маданияттарды жана муундарды бириктирип, ынтымакты, биримдикти жана салттардын уландысын даңазалайт. Нооруз ар бир үйгө жылуулук, кубаныч, береке жана молчулук алып келсин. Сиздерге чын ден-соолук, шыктануу, жаңы жетишкендиктерди, туруктуулукту жана өсүп-өнүгүүнү каалайбыз. Ар бир күнүңүздөр жакшылыкка жана бактылуу ирмемдерге толсун!
Урматоо менен,
Кыргызстан банктар бирикмеси.