
Ачык акционердик коом Микрофинансылык компания «Салым Финанс» — Кыргызстандагы алдыңкы финансылык уюмдардын бири болуп, жеткиликтүү кредиттик чечимдерди сунуштап, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен баалуу кагаздар рынокунда активдүү иш алып барат. Финансылык сектордо 17 жылдан ашуун катышуусу менен компания финансылык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүшүн көрсөтүп келет.
«Салым Финанс» социалдык жоопкерчиликти эске алган каржылоо жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча багытталган, шаарларда да, айыл жергесинде да микрофинансылык кызматтардын толук спектрин сунуштайт. Компания эл аралык финансылык институттар менен активдүү кызматташып, инвестицияларды тартат жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп саналат, ошондой эле корпоративдик жана социалдык жоопкерчиликтин мыкты практикаларын киргизип келет.