
ААК «Мбанк» өз тарыхын 1988-жылдын 1-январынан СССР Жилсоцбанкынын Кирконтору катары баштап, анын негизинде 1990-жылдын 6-ноябрында АКБ «Кыргызстан» деп катталган банк түзүлгөн.
2005-жылы банк ААК «АКБ Кыргызстан» болуп өзгөртүлгөн, 2006-жылдын 20-ноябрынан баштап ААК «Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН» аталышын алган, ал эми 2025-жылдан бери ААК «Мбанк» деп аталып келет.
MBank өлкөнүн эң ири жана эң таанымал банктарынын бири болуп эсептелет, кеңири кардар катмарына банктык кызматтарды сунуштайт. Банк салттуу банктык продуктыларды алдыңкы санариптик чечимдер менен айкалыштырып, каалаган убакта жана каалаган жерде жеткиликтүү заманбап финансылык экосистеманы түзүүгө багытталган. Негизги продуктулардын бири — MBank мобилдик тиркемеси, өлкөдө эң популярдуу тиркемелердин бири катары таанылган: ал кардарларга телефон номери боюнча ыкчам которууларды жүргүзүүгө, кредиттерди, коммуналдык кызматтарды төлөөгө жана 1 000ден ашуун сервис түрлөрүн түздөн-түз смартфон аркылуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.