ЮЖБ «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» «Кыргызстанда акча которуулар экосистемасын чыңдоо» долбоорунун алкагында 2025-жылдын сентябрь айында биринчи иш-чарасын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын калкы үчүн, айрыкча акча которууларды алуучулар жана айыл жергесинде жашаган жарандар үчүн туруктуу жана жеткиликтүү финансылык кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелердин комплекси тааныштырылды.
Бул демилгелерди ишке ашыруу Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) тарабынан REMIT PRIME Central Asia программасынын алкагында колдоого алынууда.
Биринчи этаптын алкагында төмөнкү натыйжаларга жетишилди:
Сиздерди экинчи жолугушууга чакырабыз. Бул жолугушуунун алкагында акча которууларга байланыштуу продуктыларды киргизүүдө орун алган учурдагы көйгөйлөр боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, ошондой эле банктардын өкүлдөрү үчүн «тренерлерди окутуу» форматындагы тренингдерди өткөрүү пландары жана андан кийинки банктардын кардарлары үчүн тренингдерди уюштуруу маселелери сунушталат.
Алдыдагы жолугушууга изилдөөнү жүргүзгөн эксперттер, мастер-тренерлер, ошондой эле санариптик финансылык кызматтар боюнча эл аралык эксперт — REMIT PRIME Central Asia программасынын регионалдык координатору, IFAD өкүлү Павел Шуст катышат (иш-чаранын программасы тиркелет).
Иш-чара 2026-жылдын 27-январында, саат 13:30да, Кыргызстан банктарынын бирикмесинин кеңсесинде өтөт
(дарек: Ибраимов көч. 103/1а, «Victory+» бизнес-борбору, 14-кабат, Block C).
Катышууңузду тастыктап, акча которууларга байланыштуу санариптик финансылык продуктыларды иштеп чыгуу жана киргизүү, төлөм кызматтарын өнүктүрүү, ошондой эле виртуалдык активдерге байланыштуу маселелерге жооптуу өкүл(дөр)дүн аты-жөнүн, кызмат ордун, банктынын атын жана байланыш маалыматтарын (телефон/e-mail) төмөнкү дарекке жөнөтүүңүздү өтүнөбүз:
almazbekova@ub.kg
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү байланыштарга кайрылсаңыздар болот:
Рустам Сарыбаев, тел.: 0555 856785, Гульнура Карашева, тел.: 0550 090555
«Кыргызстанда акча которуулар экосистемасын чыңдоо» долбоорунун алкагындагы жолугушуунун программасы
2026-жылдын 27-январы, 13:30 – 15:00
Ибраимов көч. 103/1а, «Victory+» БЦ, 14-кабат, Block C
13:00 – 13:30
Катышуучуларды каттоо
Модератор: Рустам Сарыбаев, КББ Туруктуу өнүгүү академиясынын директору
13:30 – 13:40
Ачылыш жана куттуктоо сөздөрү
13:40 – 14:10
Акча которууларга байланыштуу продуктыларды киргизүүдөгү учурдагы көйгөйлөр боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын презентациялоо
Долбоордун эксперттери: Ажар Мамбетова, Асылбек Айтматов
14:10 – 14:30
Катышуучулардын талкуусу жана сунуштары
14:30 – 14:40
Финансылык сабаттуулук боюнча окутуу модулдарына кыскача таанышуу
Гульнура Карашева, КББ Туруктуу өнүгүү академиясынын уюштуруу өнүгүү менеджери
14:40 – 15:00
Жолугушууну жыйынтыктоо жана кофе-брейк
Жыйынтыктарды чыгаруу.