
ААК «Кыргызкоммерцбанк» көп жылдык ийгиликтүү тарыхка ээ болуп, өлкөнүн финансылык рынокторунда 30 жылдан ашуун убакыттан бери натыйжалуу иштеп келет. Өзүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп, дүйнөлүк заманбап тенденциялар менен кадамдашып, Банк Кыргыз Республикасынын туруктуу жана ишенимдүү финансылык институту болуп саналат.
2021-жылдын декабрында Банк Кыргызстандын аймагында жайгашкан өзүнүн процессингине өткөрүлүп, кардарларга бир катар банктык кызматтарды тез жана коопсуз алууга мүмкүнчүлүк берди. Банк кардарларды тейлөөнүн санариптик каналдарын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат.