Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы токтому менен түзүлгөн жана 2023-жылдын апрелинде ишмердүүлүгүн баштаган өнүгүүгө багытталган адистештирилген финансылык институт.

Банк инвестициялык ишмердүүлүк аркылуу, анын ичинде ири улуттук долбоорлорго коммерциялык шарттарда катышуу менен өлкө экономикасын диверсификациялоо жана стимулдаштыруу максатында түзүлгөн.

Банктын негизги максаты — экономикалык өсүштү колдоо, түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүү жана маанилүү инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу. Банктын уставдык капиталына олуттуу каражаттар салынган жана анын көлөмү боюнча ал Кыргыз Республикасынын банк секторунда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. 1-декабрдан тартып банктын акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп, бул функцияны Каржы министрлиги аркылуу жүзөгө ашырат.