15-январда Кыргызстандын меймандостук индустриясындагы эң ири жана маанилүү иш-чаралардын бири — HoReCa Awards 2025 өттү. Иш-чара Элдик Банктын колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чаранын катышуучуларына «Элдик Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасынын орун басары Таиров Медет куттуктоо сөзү менен кайрылды. Салтанаттын алкагында ал Банктын ар кандай номинациялардагы 10 өнөктөшүн сыйлады. Бул — банк узак мөөнөттүү жана ишенимдүү кызматташтыкты өнүктүрүп келе жаткан компаниялар:
«Sky Baku» рестораны — Натыйжалуу кызматташтык үчүн
«Dosman Hotel» — Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
«Munchen Pub» — Узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн
«FRUNZE» рестораны — Узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн
«Барашек» рестораны — Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
«Navat» рестораны — Узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн
«Dolinka Resto-House» — Жылдын ачылышы
«Osh Grand Hotel Chavo» — Натыйжалуу кызматташтык үчүн
«Vzmorie Resort» — Натыйжалуу кызматташтык үчүн
Жээктеги «У Рыбака» рестораны — Натыйжалуу кызматташтык үчүн
Ошондой эле иш-чара өтүп жаткан аянтчада банктын адистери каалоочулардын баарына консультация беришти.
Элдик Банк ишкерлерди ырааттуу колдоп, өлкө боюнча бизнестин туруктуу өнүгүшүнө, анын ичинде HoReCa тармагында да, салым кошуп келет.







https://eldik.kg/news/eldik-bank-generalnyj-partner-horeca-awards-2025?for_who=individual