ААК «Дос-Кредобанк» — банктык кызматтар рыногунда 28 жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барып келе жаткан ачык акционердик коом. Банк 1997-жылдын 18-июнунда негизделген жана ишмердүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууга, ишкердикти колдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багыт алып келет.
Банк жеке жана корпоративдик кардарлар үчүн банктык продуктулардын жана кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт, анын ичинде кредиттер, депозиттер, банктык карталар, акча которуулар жана электрондук сервистер бар. Дос-Кредобанк заманбап технологияларды активдүү киргизип, эл аралык корреспонденттик мамилелерди өнүктүрүп, алдыңкы акча которуу системалары менен кызматташат..