
ЖАК «Банк Компаньон», 2004-жылы МКК «Финансылык Группа Компаньон» катары негизделген, институттук өнүгүүнүн бардык этаптарынан өтүп, бүгүнкү күндө Борбордук Азияда туруктуу финансылык уюм болуп эсептелет.
ЖАК «Банк Компаньон» социалдык жоопкерчиликти эске алган финансылык институт болуп, кардарларына калктын кызыкчылыктары жана муктаждыктары эске алынган кеңири финансылык кызматтар спектрин сунуштайт. Банк каржылык сабаттуулукту жогорулатууга, ишкердикти колдоого жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган социалдык жана билим берүү программаларын активдүү жүзөгө ашырат. Kompanion Bank өз ишмердүүлүгүндө туруктуу өнүгүү жана ESG принциптерин интеграциялап, кардарлар, өнөктөштөр жана коом үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүүгө умтулат.