
Кыргызстан Банктарынын бирикмесинин Туруктуу өнүгүү академиясы — билим берүүчү жана корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө арналган профессионалдык билим берүү жана ишкердик аянтча. Академия туруктуу өнүгүү, ESG жана заманбап финансылык практикалар багытында компетенцияларды өнүктүрүү борбору болуп саналат. Бул багыттарга банк иши, корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу, санариптик финансылык технологиялар, комплаенс, жөнгө салуу жана бизнес өнүгүүсү кирет.
Академиянын тарыхы 1996-жылдан башталат. Дал ошол жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын чечими менен, Дүйнөлүк банктын демилгеси жана колдоосу алдында ишке ашырылган каржы-банк секторун реструктуризациялоого багытталган кеңейтилген FINSAC программасынын алкагында Банктын окуу борбору түзүлгөн. Улуттук банктын чечимине ылайык, Борбор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмү макамын алган. 2007-жылы Борбор кайра түзүлүп, Кыргызстан банктар бирикмесине караштуу Окуу борбору болуп өзгөртүлгөн. Академия Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиянын (АШ № 1425) негизинде билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
2024-жылдын январь айынан тартып Банктар брикмесинин Окуу борбору көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жана окутуу программаларынын багыттарын кеңейтүүгө багытталган ишмердүүлүгүн этап-этабы менен кайра уюштурууну баштаган. Бул процесстин алкагында 2024-жылдын 26-апрелинде Туруктуу өнүгүү академиясы ишке киргизилген.
Академиянын карамагында бардык зарыл шарттар менен толук жабдылган эки заманбап окуу залы бар. Бул залдар тренингдерди, семинарларды, презентацияларды, тегерек үстөлдөрдү жана мини-конференцияларды өткөрүүгө ылайыкташкан. Аянтчалар мультимедиялык жабдуулар, жогорку ылдамдыктагы интернет, видеопрезентация системалары менен камсыздалып, иш-чаранын форматына жана максаттарына жараша ыңгайлаштырылат.
Академия улуттук жана эл аралык эксперттер, тармактык уюмдар жана финансылык институттар менен кызматташып, билим берүү программаларынын жана иш-чаралардын жогорку сапатын камсыз кылат. Биз кесиптик диалогго, практикалык тажрыйба алмашууга жана туруктуу өнөктөштүктөрдү түзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөбүз.
Академиянын аянтчасы өзүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн да, ошондой эле тышкы уюмдардын иш-чараларын өткөрүү үчүн да ылайыктуу. Биз ийкемдүү ижара шарттарын жана комплекстүү уюштуруучулук колдоону — мейкиндикти даярдоодон тартып техникалык коштоп жүрүүгө жана иш-чараларды координациялоого чейин — сунуштайбыз.
2026-жылга КББ Туруктуу өнүгүү академиясынын программасы
(Программага өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, толук версиясын Академиянын сайтынан көрүүгө болот)
БИЗДИН ЗАЛДАР
“Акын” залы:

“Акылман” залы


ЖАБДУУЛАР:
-
Интерактивдүү такта жана проектор;
-
Ноутбук, флипчарт жана маркер такта;
-
Дыбаны күчөткүч жабдуулар;
-
Кондиционер жана Wi-Fi.
Кофе-брейк үчүн өзүнчө аймак бар.
Кыргызстан банктар бирикмесинин мүчөлөрүнө атайын шарттар жана жеңилдиктер каралган.
Биз жеке кызматташуу форматтарын талкуулоого жана сиздин иш-чараңыздын максаттарына ылайык уюштурууга даярбыз. Залдарды ижарага алуу күндөрүн алдын ала макулдашуу өтө маанилүү, анткени сиздин иш-чара үчүн ыңгайлуу убакытты брондоого мүмкүнчүлүк берет.
Байланыш:
Миргуль Айталиева, катчы-референт СБК
Тел.: (0312) 90 10 58, 90 30 58, 90 90 58, 0553 881 191
WhatsApp: 0553 881 191
Email: office@ub.kg
Бишкек шаары, Ибраимова көчөсү 103/1, «Victory+» Бизнес-борбору, 14-кабат, C-блок.