8 март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу айымдар!

Сиздер жашообузга жылуулук, сулуулук жана гармонияны тартуулап, үй-бүлөөдө да, коомдо да маанилүү ролду аркалап келесиздер. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана күчтүү духуңуздар аркылуу уюмдар өнүгүп, өлкөбүздүн келечеги бекемделүүдө.

Бул жаз сиздерге кубаныч, дем-күч жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин. Ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана ишиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Ар бир күнүңүздөр урмат-сыйга, жылуулукка жана жагымдуу ирмемдерге толсун!

Терең урматтоо менен,
Кыргызстан банктарынын бирикмеси!