100% мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, олуттуу долбоорлордун каржылоосунун алкагында,социалдык мамлекеттик долбоорлорду өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, анын ичинде чакан жана орто бизнести каржылоо максатында, ошондой эле калкты сапаттуу банктык кызматтары менен камсыздоо максатында, Ош шаарында жаңы филиалды ачты.
Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторуна туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта интервенцияларды ишке ашырат. Учурда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап (муктаждык) накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылууда.
Бүгүн, 2016-жылдын 11-январында Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдөчектөөсүз чет өлкө валютасын сатуу аркылуу рынокко катышкан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзүлүп келген кредиттик аукциондор боюнча төлөмдөрдү жабуу мөөнөтүн узартат
Айыл-чарбасын колдоо максатында жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө таасир этүү үчүн Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында 2013-жылдан баштап, кредиттик аукциондор өткөрүлүп келет. Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондун алкагында сунушталуучу ресурстар коммерциялык банктарга өлкө экономикасынын приоритеттүүтармактарын кредиттөөгө, анын ичинде айыл-чарба өндүрүшүн кредиттөөгө дагы багытталышы керек.
Ушул эле учурда кредиттик аукциондор алкагында берилип жаткан кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү максатында, кредит алуучулар үчүн максималдуу пайыздык чендерге чектөөлөр киргизилген. 20132014жылдары коммерциялык банктардын акыркы алуучуларына максималдуу пайыздык чен 17,92% өлчөмүндө коюлган, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын финансылоо” атайын программасына байланыштуу болду.
Байланыш
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 103
«Victory» бизнес-борбору, 7 кабат.
тел./факс: +996 0312 901058, 903058 и 909058
email: office@ub.kg