– Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Бүгүн, 2016-жылдын 23-декабрында малды союу жана алгачкы кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү.

Иш чарага Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Презентациянын жүрүшүндө чакан жана орто фермердик чарбалар жана ишканалар өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн заманбап жана натыйжалуу чечимдерине өтүү зарылчылыгы жөнүндө айтылды. Ошондой эле чыгарган продукциянын кайра иштетүүсү, сактоосу жана экспорту жөнүндө маселелер чагылдырылды.

Иш чаранын аягында угуучулар эттин кайра иштетүүсүнө тиешелүү суроолорду жана эт жана сүт продукциясын алгачкы кайра иштетүүсү боюнча чакан мал союу цехтерин куруу зарылчылыгы жөнүндө суроолорду беришти.

Маалымат үчүн: «КОММАН Групп» ЖАК – 2009-жылдан баштап иштеп келе жаткан, малды союу жана этти кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды жана даяр чечимдерди чыгарган россиялык өндүрүүчү.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.