• На прошедших 9 и 10 марта 2024г. играх, ЗАО «Банк Компаньон» стал обладателем Кубка банков Кыргызстана по настольному теннису 2024.

“Акыл Айым” долбоору Кыргызстандын 18 жаштан өйдө бардык кыздары үчүн ачык!

✨ 80 заманбап жабдылгаланган жана компьютерлери бар окуу борборлору.
✨ Сизге ар бир этапта жардам берүүгө жана колдоого даяр 70 тажрыйбалуу системалык администраторлордон турган команда.
✨ Кылдаттык менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги практикалык тапшырмалар менен окуу программасы.
✨ Эң престиждүү IT мектептеринин бири – Itrun мектебинин мугалимдеринин тажрыйбалуу командасы.
“Акыл Айым” бул бир гана окуу эмес, сени колдоп жана чоң жетишкендиктерге шыктандырган чыныгы үй-бүлө!
?Биздин долбоордо 2 ай оку менен эмнени үйрөнөсүз:
? Компьютерди эффективдүү колдонууну.
? Офис программалары (Word, Power Point ж.б) менен иштөөнү үйрөнөсүз.
? Өнүгүү жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтесиз.
Бул кызыктуу саякаттын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
https://taplink.cc/akyl_aiym ссылка менен катталыңыз жана окууга мүмкүнчүлүк алыңыз. ??

Read more »

OKUU.UB.KG платформасында FinHealth Score онлайн сурамжылоодон өтүп, 5 байге смартфондун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз

Финансы боюнча билимиңизди арттырып, потенциалыңызды өнүктүргүңүз келеби, бирок аны кантип жасоону билбей жатасызбы?

Кыргызстандын банктарынын бирикмеси чакан жана орто бизнес үчүн мурда жарыяланган онлайн демилгесин  – OKUU.UB.KG платформасында (http://okuu.ub.kg) акысыз финансылык сабаттуулук курсун жана Финансылык саламаттыкты баалоо сурамжылоонун жардамы менен финансылык бакубаттуулугуңузду өлчөө куралын сунуштайт.

Буга чейин FinHealth Score онлайн сурамжылоону өткөндөрдүн жана аны 25-июнга чейин экинчи жолу өткөндөрдүн арасында беш байге Xiaomi Redmi 11S смартфону ойнотулат.

Финансылык саламаттыкты баалоо сурамжылоону кыргыз же орус тилдеринде өтсөңүз болот.

Болгону муруңку логининизди  жана сырсөзүңүздү колдонуп кириңиз. Учурдагы каржылык саламатыгыңызга система аркылуу баа бериңиз. OKUU.UB.KG окуу платформасы окуу курсун жана сурамжылоону ыңгайлуу жерде жана каалаган убакта өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

27-мартта, жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча семинары өттү

Бүгүн, 27-мартта, Бишкекте Кыргызстандын банктарынын, инвестициялык фонддорунун жана каржы компанияларынын өкүлдөрү үчүн жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча семинар өттү.
Иш-чараны Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстандын банктар биримдиги жана Бишкек Green Finance Center уюму бирге уюштурушкан.

Read more »

«Түндүк» мамлекеттик порталындагы кызматтар үчүн эми MBANK аркылуу төлөй аласыз

«Тундук» Мамлекеттик электрондук кызматтар порталында MBANK аркылуу кызматтарга күндүн каалаган убагында төлөңүз.
Эки төлөм ыкмасынын бирин тандаңыз:
– QR-код аркылуу
– Төлөм коду аркылуу
QR аркылуу төлөө үчүн:
– MBANKты ачып, “QR сканерин” тандаңыз;
– Андан кийин порталдан QR-кодду сканерлеңиз;
– Кызмат үчүн төлөөнү басыңыз, даяр!
Төлөм коду аркылуу төлөө үчүн:
– MBANKты ачып, “Төлөмдөр” бөлүмүнө өтүңүз;
– “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүн тандап, “Мамлекеттик электрондук кызматтар порталын” басыңыз;
– Андан кийин “Төлөм кодун” тандап, кызмат үчүн төлөңүз, бүттү!

Read more »

Кыргызстанда биринчи жолу мобилдик байланышсыз төлөм кызматы BTB Pay тартуулайт!⁣⁣⠀

Эми, сиздин бардык банк карталарыңыз дайыма кол алдыңызда, смартфонуңузда болот!⁣⁣⠀
⁣⁣Товардын акысын төлөө үчүн смартфонду терминалга алып келүү жетиштүү жана операция дароо аткарылат.⁣⁣⠀
⁣⁣⁣⁣Кененирээк маалымат алуу үчүн 1-апрель күнү саат 13:00дө «Бишкек Парк» соода борборундагы бет ачар аземине келип, алгачкылардан болуп жаңы технологиялык сервисти колдонуп көрүңүз! Ошондой эле сиз жагымдуу бонустарга ээ болуп, смартфондор менен гаджеттердин утуштарына катыша аласыз.⁣⁣⠀
⁣⁣⁣BTB Pay бир гана жаңсоо менен төлөңүз!⁣⁣

Read more »