Кыргыз Республикасынын Президенти «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылынат:
— накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө босоголук суммаларды белгилөөнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;