Стихотворение, посвященное национальной валюте

скачанные файлы

Сомдун жарык жүздөрү

Акыл ашып, ыргак толгон алтын баш,
Адам болгон ар-намысты алдырбас.
Көчүн баштап келет сомдун татыктуу
Композитор Малдыбаев Абдылас.

Эмне кымбат өз тарыхың билүүдөн,
Эмне артык мекениңди сүйүүдөн?!
Бүбүсара бийчи менен дүйнөдө
Бир улутта экениме сүйүнөм!

Он сөз айтса, өткөрөм деп азуумдан,
Он миңдеген билимдүүлөр ашынган.
Алга озуп чыккан эмес бирөө да,
Агартуучу Тыныстанов Касымдан.

Бай-манаптан коркпой обон созгонун,
Бактыбызда шондой инсан болгонун,
Узак доорлор өтсө дагы даңктайбыз,
Урпактары алп Тоголок Молдонун.

Кыйын кезде журту үчүн туулган жан,
Кылыч урса калкан болуп турган жан.
Даңазасы барган сайын көкөлөп,
Датка эне, баатыр эне Курманжан.

Кербезинде арбып көңүл жарааты,
Келечек деп күйүп келген санаасы.
Токтобостон дале берет тарбия,
Токтогулдун бизге айткан санааты.

Жүрөгүмдү сырт жагынан тыңдасам,
Жүрбөй калам-деди, эстеп турбасаң.
Акылымда сактоо үчүн унутпай,
Алыкулду ээрчип мен да ыр жазам.

Укмуш жерге сымалданган жаннаттай
Улуу жанды кантип коёт жаратпай.
Айкөлүмдүн батасына татыган,
Айга тете, залкар болгон Саякбай.

Жыл өтсө да он кылымды узартчу,
Жүзү жарык миң сомдукка кыналчу.
Билектен күч, Баласагын атанын
Билим кени калды бизге кут алчу.

Көктө Кудай өзү колдоп, сүйгөн кул.
Көркү келип сүрөт менен беш миң пул,
Өзгөлөргө жаккан кыргыз өңүнүн,
Өкүлдүгүн алган жигит Сүймөнкул.

 

Дуйшон Акимжанов

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.