Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат

komb_traktorРКӨФ республиканын кичи жана орто бизнес (КОБ) өкүлдөрүн колдоого багытталган “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат. Ишкерлер үчүн бул айыл чарба техникасын, өнөр жай жана башка жабдууларын ыңгайлуу шартта лизингге алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул продукт ЕАЭБдин рыногуна ата мекендик ишканалардын натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзөт. Каражаттарды РКӨФнун коммерциялык өнөктөш банктарынан алууга болот.

Максаттуу топ:

  • Өлкөдө жеке ишкерлер, дыйкан чарбалары катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жана каттоодон өткөн КРнын чарбалык субъекттери, ошондой эле коммерциялык уюмдар жана ишканалар

Каржылык лизингдин милдеттери:

 

  • айыл чарба техникаларын алуу
  • тамак-аш жана кайра иштеп чыгуучу ишканалар үчүн өнөр жай жабдуулары
  • логистикалык борборлор үчүн жабдуулар (сактоочу жайлар, кампалар)
  • продукцияларды сорттоо жана таңгактоо үчн жабдуулар
  • айыл чарбалык жана даяр болгон продукцияларды таратуу үчүн жабдуулар
  • өнөр жай объектилерин куруу үчүн атайын техникалар
  • жол курулуштары үчүн атайын техникалар
  • медициналык жабдуулар
  • телекоммуникациялык жабдуулар
  • машина куруу үчүн жабдуулар
  • полиграфиялык жана анын башка түрлөрү боюнча жабдуулар

 

Программанын алкагында мурда колдонулуп жүргөн техникалар менен жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мында амортизациянын өлчөмү өз наркынан 30% жогору болбошу керек. Пайдалуу кызмат көрсөткөн мөөнөтү лизингдин мөөнөтүнөн жогору болушу шарт.

 

Лизинг алуучулар үчүн негизги шарттар:

  • Улуттук валютада пайыздык чен – жылдык 12%, АКШ долларында – жылдык 5%
  • Мөөнөттөр, сом менен 5 жылга чейин, АКШ доллары менен 7 жылга чейин
  • Негизги сумманы төлөө үчүн 12 айга чейин жеңилдетилген мезгил каралат

 

Лизингдин максималдуу суммасы:

Бир лизинг алуучу үчүн сумма 1 миллион АКШ доллары эквивалентинен жогору болбошу керек.

 

Алгачкы төлөм:

Лизинг алуучунун өздүк салымынын өлчөмү лизингдин предметинин наркынан 10%га кем болбошу керек.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.