“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” сынагы

Global Money Week 2017Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейинки мезгил аралыгында өтө турган Дүйнөлүк акча апталыгына (Global money week) катышат.

Апталыктын негизги максаты – финансылык сабаттуулуктун, ийгиликтүү келечек үчүн үй-бүлөнү, мектепти, муниципалитетти жана өлкөнү өнүктүрүүдө экономикалык жана социалдык катышуунун маанилүүлүгү тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу. Апталыктын темасы – акчаны топтой билүү – жеке, коомдук акчаны жана ресурстарды жыйноо.

Сынактын максаты

Сынактын негизги максаттары төмөнкүлөр:

  • жаштардын жана жалпысынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;
  • орточо жалпы билим берүү мекемелердин (мектептердин) администрациясынын мектептин бюджетине карата ата-энелердин жана окуучулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын мүмкүн болушунча эске алуу тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • мектеп администрациясынын мектептин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тууралуу ата-энелер менен окуучуларды маалымдоо тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • мектеп администрациясынын окуучулар менен ата-энелердин алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;

 

Сынактын шарттары

Сынак үч этап менен өтөт.

Сынактын биринчи этабы. Сынакка 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейинки мезгил аралыгында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды жана мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү пландаган Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин (мектептердин) администрациялары катыша алат. Бул этапта 25тен (жыйырма бештен) ашпаган мектеп тандалып алынып, материалдар жана кеп-кеңештер түрүндө колдоого ээ болушат.

Орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин администрациялары “Дүйнөлүк акча апталыгы – 2017” өнөктүгүнө катышуу каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар болгону тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине өтүнмө жибериш керек. Өтүнмөгө апталыктын алкагында мектеп ишке ашырууну пландап жаткан иш-чаралардын планы тиркелүүгө тийиш. Ошону менен бирге мектеп бюджети боюнча коомдук угуулар сөзсүз түрдө өткөрүлүш керек. Сынакта пландар жарышат, отчеттун форматын 2-тиркемеден көрө аласыз.

Сынактын экинчи этабы. Мектептер Апталыктын алкагында иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүшөт. Биринчи этаптан өткөн бардык мектептер планда көрсөтүлгөн иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өз алдынча уюштуруп, өткөрүшү керек. Өнүктүрүү саясат институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Апталыкты өткөрүүгө көмөктөшөт – материалдарды жана кеп-кеңештерди беришет.

Сынактын үчүнчү этабы. Туруктуу иштеген мектептин аймагында Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында пландалган иш-чаралардын негизги уюштуруучусу болгон мугалимдер үчүн айрым конкурстар жана айрым акчалай байгелер каралган. Сынакта отчеттор жарышат. Ал эми отчеттордо камтылган маалыматтарга карата талаптарды 3-тиркемеден таба аласыз.

Сынакка өзүнө негизги уюштуруучунун милдеттерин алган жана Апталыкты, мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчетту даярдаган мугалимдер жана мектеп администрациясынын кызматкерлери катыша алат. Экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча мектептер байге алышат. Ошондой эле иш-чаралардын жооптуу адамдары да айрым байгелер менен сыйланат. Баары болуп 15 (он беш) мектеп жана 15 (он беш) мугалим жана администрация кызматкери тандалып алынат.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Сынактын биринчи этабынан өтпөй калган мектептер Дүйнөлүк акча апталыгын өз алдынча өткөрүп, сынактын экинчи этабына КАТЫША АЛАТ.

 

Тандап алуунун критерийлери

Сынактын биринчи этабы. Өтүнмөлөр Дүйнөлүк акча апталыгын жана коомдук угууларды өткөрүү планынын мазмунун сапатынын негизинде бааланат.

Жеңүүчүлөр критерийлерге ылайык аныкталат.

 

# Критерийлер Критерийлердин бөлүштүрүлүшү
1 Планда мектептин бюджети боюнча коомдук угуулардын болушу 40%
2 Иш-чарага тартыла турган ата-энелердин, окуучулардын, ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн болжолдуу саны 15%
3 ДАА алкагында пландалган башка иш-чаралардын негизделген саны 15%
4 ДАА алкагында башка иш-чараларды уюштурууда оригиналдуулук жана инновациялык мамиле 15%
5 Окуучулардын, ата-энелердин, жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн ДААнын башка иш-чараларына тартылышы. 15%
БААРЫ: 100 %

 

Планда коомдук угуулардын болушу. Мектеп бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү сынакка катышуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет. Ошондуктан мектеп угууларга даярдык планын, угуулардын программасынын долбоорун, таратып берме материалдардын тизмесин бериш керек.

Иш-чарага тартыла турган ата-энелердин, окуучулардын, ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн болжолдуу саны. Жогоруда аталгандардын баары угууларга сөзсүз катышыш керек. Мектеп алдыда болчу угуулар тууралуу аудиторияга маалымат жеткирүүнүн ыкмаларын кыскача сүрөттөгөн планды, ошондой эле ар бир категориядан келе турган катышуучулардын болжолдуу саны бериш керек.

ДАА алкагында пландалган башка иш-чаралардын негизделген саны. Мектеп пландагы иш-чаралардын негизделген санын бериш керек. Бул болсо мектептеги окуу процессин бузбай турган, бирок ошону менен бирге окуучулардын түрдүү курактык топторун тартууга жол берген акылга сыярдык мамиле дегенди билдирет.

ДАА алкагында башка иш-чараларды уюштурууда оригиналдуулук жана инновациялык мамиле. Иш-чаралар түрдүү курактык топтордун кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен ойлонуштурулуп, окуучуларда финансылык сабаттуулук темасына кызыгууну пайда кыла тургандай оригиналдуу чыгармачыл мамиле жасалыш керек. Билим берүүчү иш-чаралар сөзсүз түрдө болууга тийиш. Интерактивдүү, оюн, мелдеш форматтарын колдонууга болот.

Окуучулардын, ата-энелердин, жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн ДААнын башка иш-чараларына тартылышы. Мектеп иш-чараларды окуучулар үчүн жана окуучулардын күчү менен гана өткөрбөстөн, ошону менен бирге жергиликтүү жамааттын (айылдын, шаардын) башка мүчөлөрүн да тарта алат. Бул критерий мектептеги бардык курактык топтордун, ошондой эле тышкы өнөктөштөрдүн – жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, чакырылган эксперттердин тартылуусун эсепке алат.

Сынактын экинчи этабы. Өтүнмөлөр Дүйнөлүк акча апталыгын, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчет түрүндө болуш керек. Отчеттор түрүндөгү өтүнмөлөр төмөнкү критерийлер боюнча бааланат.

 

# Критерийлер Критерийдин бөлүштүрүлүшү
1 Мектептин бюджети боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын сапаты (таратып берме материалдар, маалымат өнөктүгү, кайра байланышуу жолдору ж.б.). Калктын коомдук угууларга катышуусунун деңгээли, аудиториянын тартылуусу (окуучулар жана алардын ата-энелери арасында катышуучулардын саны). 40 %
2 Мектептин бюджети тууралуу маалыматты деталдуу түрдө жарыялоо менен баяндамалардын сапаты. 15%
3 Отчетторду өз убагында даярдап, ӨСИ адистерине тапшыруу (ДАА жыйынтыкталган күндөн тарта 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен). 15%
4 Отчеттун мазмундуулугу, анда сүрөт, видео жана башка кошумча тиркемелердин болушу. 15%
5 ДАА алкагында уюштурулган башка иш-чаралардын сапаты (оригиналдуулук, ар түрдүүлүк, катышуу деңгээли). 15%
БААРЫ: 100 %

 

Мектептин бюджети боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын сапаты (таратып берме материалдар, маалымат өнөктүгү, кайра байланышуу жолдору ж.б.). Калктын коомдук угууларга катышуусунун деңгээли, аудиториянын тартылуусу (окуучулар жана алардын ата-энелери арасында катышуучулардын саны). Мында алдыда боло турган угуулар тууралуу калкка маалымат жеткирүү үчүн колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө, катышуучулар үчүн таратып берме материалдардын болуп-болбогонуна, угуулар маалында пайда болгон суроолордун жыйынтыгы боюнча администрация менен кайра байланышка көңүл бурулат. Ошондой эле угууларга кызыгуусун билдирип, ага катышкандардын санына да көңүл бурулат. Өзгөчө көңүл иш-чарага катышкан ата-энелердин санына бурулмакчы.

Мектептин бюджети тууралуу маалыматты деталдуу түрдө жарыялоо менен баяндамалардын сапаты. Атайын даярдыгы болбогон адамдардын жакшы түшүнүүсү үчүн бюджет тууралуу маалыматтын көрсөтмөлүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү. Баяндамадагы бюджет тууралуу маалымат канчалык жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, коомдук угуулардын темасына тиешеси болбогон суроолор жана мектеп администрациясынын дарегине шектенүүлөр да ошончолук аз болот. Бул болсо калк тарабынан мектеп администрациясына карата ишенимдин артышына көмөктөшөт.

ДАА алкагында уюштурулган башка иш-чаралардын сапаты (оригиналдуулук, ар түрдүүлүк, катышуу деңгээли). Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган жана бул чөйрөдө билим алууга көңүл бурдурган иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү зарыл. Иш-чаралардын сапаты оригиналдуулук, эффективдүүлүк жана жаштарга кызык болушу көз карашынан бааланат.

 

Байгелер

Сынактын байге фонду (мектептер үчүн) – 200 000 сом.

Мугалимдер үчүн сынактын байге фонду – 75 000 сом.

Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан бөлүндү.

 

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мектептерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет:

 

I орун – 50 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;

II орун – 35 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;

III орун – 20 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;

Шыктандыруучу байгелер – ар бири 12 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага.

 

Байге каражаттары мектептин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, анын ичинде коомдук иш-чараларды (ачык сабактарды, чогулуштарды, сынактарды ж.б.) өткөрүү үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалса болот. Ыктымал байгелердин тизмеси (жабдуулардын тизмеги) ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилди.

 

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мугалимдерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет:

15 жеңүүчүнүн ар бири 5 000 сом көлөмүндө акчалай сыйакы алышат.

 

Сынактык комиссия

Жеңүүчүлөрдү Сынактык комиссия аныктайт. Комиссияга төм. өкүлдөрү кирет:

  1. КР Билим берүү министрлиги 1 киши;
  2. КР Улуттук банкы                                                          1 киши;
  3. “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги” долбоору 1 киши;
  4. Өнүктүрүү саясат институту 1 киши;
  5. Билим берүү демилгелерин колдоо фонду                                   1 киши.

 

Комиссия берилген материалдарды карап чыгып, өтүнмөлөрдү тапшыруунун соңку мөөнөтү аяктагандан кийин бир аптанын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

 

Долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү

Дүйнөлүк акча апталыгына катышуу ниетин билдирген катты, ошону менен бирге апталыктын алкагында мектептин аймагында пландалган иш-чаралар планын (пландын Формасы 2-тиркемеде) 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартка чейинки мезгил аралыгында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине жиберүү керек.

Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында мектептин аймагында жасалган иштерди сүрөттөгөн отчетторду (отчеттун Формасы 3-тиркемеде) 2017-жылдын 2-апрелден 5-апрелге чейинки мезгил аралыгында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине жиберүү керек.

 

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108. Тел. (0312) 97-65-30 (31, 32), моб. (0557) 055 955. (0770) 061 216 факс: 97-65-29 же электрондук дарек: gjanalieva@dpi.kg

 

 

 

 

1-тиркеме.

Сынактын жеңүүчүлөрү (мектептер) байгенин суммасына шайкеш келген байге катары тандап алса боло турган жабдуулардын аталыштарынын тизмеги

 

Жабдуулардын аталышы Баасы (болжолдуу), сом менен
1. Epson проектору 43 500
2. Optoma проектору 28 200
3. Проектор үчүн экран, көлөмү 1,8м*1,8м 5 000
4. Проектор үчүн экран, көлөмү 2,0м*2,0м 6 500
5. Фотоаппарат, күзгүлүү Canon 48 000
6. Фотоаппарат, санарип 9 000ден жогору
7. Canon MF 3010 көп функционалдуу принтери (сканерлөө, көчүрүү, принтер) 11 500
8. Canon MF 4410 көп функционалдуу принтери (сканерлөө, көчүрүү, принтер) 16 500
9. Canon MF 4750 көп функционалдуу принтери (сканерлөө, көчүрүү, принтер) 23 200
10. Canon LBP 6030 кара-ак принтери 7 100
11. Canon LBP 2900 кара-ак принтери 13 100
12. Epson L300 түстүү принтери 16 500
13. Epson L800 түстүү принтери 23 200
14. Ноутбук 19 500дөн жогору
15. Стационардык компьютер (кеңсе үчүн) 38 000ден жогору
16. Видеокамера 16 500дөн жогору
17. AVS-618D үн күчөткүчтөрдүн жыйнагы жана радио микрофон 25 000

 

 

 

2-тиркеме.

БЕКИТЕМ
Мектеп директору (мектептин аталышы) директордун аты-жөнү (кол тамгасы, мөөрү)
2017-жылдын «___»-февралынан тарта

Дүйнөлүк акча апталыгы-2017 өнөктүгүн өткөрүү планы

Иш-чаралардын аталышы Иш-чара өтчү күнү Жооптуу кызматкер Аудитория (жогорку/кенже класстар/ата-энелер ж.б.) Катышуучулардын пландалган саны

 

3-тиркеме.

Дүйнөлүк акча апталыгы-2017 (Global money week 2017) өнөктүгүнө катышуунун жыйынтыктары тууралуу

отчеттун формасы

 

 

  • Мектептин аталышы: _____________________________________________________________.
  • Жайгашкан жери (облус, район, айылдык аймак/шаар):

________________________________________________________________________________.

  • Иш-чараларды аткаруу мезгили.
  • Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында өткөрүлгөн негизги иш-чаралардын тизмеги (бардык иш-чаралардын, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угуулардын сүрөттөлүшү менен, 3 барактан ашпаш керек).
  • Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларына таратып берилген мектептин бюджети боюнча материалдар.
  • Дүйнөлүк акча апталыгынын катышуучуларынын цитаталары, пикирлери (аты-жөнү, окуган/иштеген жери).
  • Жооптуу мугалим (мектептин кызматкери), аты-жөнү толугу менен, байланыш телефону (мүмкүн болсо мобилдик телефондун номери).
  • Кол тамгасы, күнү.
  • Отчетко тиркемелер (сүрөт, видео, катышуучулардын тизмеси жана башка материалдар).
Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.