“Кыргызстан” фракциясы электрондук капчыктарды чектөө боюнча Улуттук банктын сунушун карап чыкты. super.kg

2-февралда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы электрондук капчыктарга тыюу салуу боюнча Улуттук банктын сунушун карап чыкты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул жарандардын жана каржы рыногунун коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтты.

Байланыш операторлору депозитти сактоого кепил болбойт. Эгер байланыш оператору банкротко учурай турган болсо, ал каражаттан колдонуучу кол жууп калышы мүмкүн. Которулган каражаттар электрондук капчыкта коопсуздукка кепил болбойт. Анткени бул кызмат менен кайсы бир террорчу, криминал, уруулар бул акча которуу жүргүзгөн болсо, ал аныкталса, биз дүйнөдөгү “кара тизмеге” кирип калышыбыз мүмкүн. Анда Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдө жүргөн жарандар каражат которо албай калат. Бардык электрондук капчыктар каттоо аркылуу болушу керек. Улуттук банк каржы рыногунун туруктуулугун көзөмөлдөйт. Лицензияга ылайык, алар тейлөө гана жүргүзүшү керек“, – деди Абдыгулов.

Автор: Мунарбек Жоргомов

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.