Компаньон Банкы окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрдү

Kompanion - GMW2017Кыргызстанда  Бүткүл Дүйнөлүк Акча Аптасы болуп өттү (Global Money Week). Бул иш-чаранын чегинде Компаньон Банкы интеллектуалдык квест-оюндун спонсору болду, жана Кыргызстандын беш регионунда окуучулар үчүн үйрөтүүчү иш-чараларды өткөрдү.

3 апрелден 10 апрелге чейин Банктын кызматкерлери Бишкектин, Оштун, Караколдун, Исфананын, Ноокендин жана Токтогулдун окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча ачык эшик күндөрүн жана сабактарды өткөрүштү. Жалпы Банктын иш-чараларына 12 мектеп жана 9-11 класстардын 300 жакын окуучулары катышты.   Окуучуларга финансылык уюмдун иши, банктык кызматтары жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле окуучулар адистер менен үнөмдөөнүн жана жеке акча каражаттарын туура башкаруунун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүштү.

Ошондой эле, Бүткүл Дүйнөлүк акча аптасынын чегинде Бишкекте финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча квест-оюн болду. Бул оюнга 12 ден 16 жашка чейин 50 жакын мектеп окуучулары катышты. Катышуучулар бир нече билим сыноолорун өтүп, кызыктуу финансылык тапшырмаларды аткарыш керек эле. Окуучулар ар бир туура жооп үчүн «билим» оюн акчаларын алышты, ал акчаларды акыркы аукциондо чыныгы белектерге алмаштыруу мүмкүн эле–3 000, 4 000  жана 5 000 сомдук депозит ачуу үчүн сертификаттар, столдо ойнолуучу финансылык оюндар, китеп дүкөнү үчүн белек сертификаттары.

Kompanion - GMW2017 12017 жылы балдардын жана жаштардын финансылык билими боюнча Эл аралык коомчулуктун камкордугу алдында (Child and Youth Finance International) дүйнөнүн 100 көп өлкөлөрүндө Бүткүл Дүйнөлүк акча аптасы болуп өттү. Кыргызстанда бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын координациясы жана мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын жана коммерциялык банктардын  жардамы менен өткөрүлдү.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.